Инстаграм сервисине жаңы жетекчи дайындалды

Инстаграмдын негиздөөчүлөрү Кевин Систром жана Майк Кригер жетекчилик кызматтан өз каалоолору менен кеткен соң, сервиске жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жетекчилик кызматка Адам Моссери дайындалган.

"Моссери өзүнүн эмгек жолун Фейсбук компаниясында дизайнерлик кызматтан мындан 10 жыл мурун баштаган. Кийин ал Инстаграм сервисинин иштөөсүнө жооптуу топтун башында турган", - деп жызылат маалыматта.

Ал эми кызмат орундарын тапшырган Систром жана Кригер Моссери өз ишин мыкты билген адис экенин жана ал Инстаграм сервисин өнүктүрө аларына ишенерин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан