Мектеп окуучулары күзгү каникулга качан чыгары белгилүү болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 5-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулат. Муну менен окуучулар 8 күн эс алышат.
Эске салсак, былтыркы окуу жылында күзгү каникулдар 1-ноябрда башталып 9-ноябрда аяктаган.