Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда аял жана эркек айылдашын өлтүрүп, андан соң сарайга алып барып өрттөп жиберишкен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы окуяны тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.
Маалым болгондой, окуя 26-сентябрдан 27-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл аймагынын Ак-Терек (Каба) айылында катталаган.
Аталган айылдын 62 жаштагы тургуну Мамарасул А. айылдашынын үйүн карап, ошол жерде жашап келген. Дал ушул үйдүн чөп жыйган сарайынан өрт чыгып, Мамарасул А. сарай менен кошо күйүп каза болду деген маалымат Базар-Коргон РИИБине келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу өлүмдүн жана өрттүн себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизаларды дайындап, текшерүү иштери башталган. Ал эми маркумдун уулу жана жакындары эч кимге арыз-доосу жок экенин, анын кырсыктан каза болгонун билдирип, арыз жазуудан баш тартышкан.
Базар-Коргон РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери бул жөн гана өрт кырсыгы эмес, атайын өрт коюу болушу мүмкүн деген божомолдо иликтөө жүргүзө баштаган. Мындан улам окуянын келип чыгуу себептери аныкталып, эки күн ичинде кылмышка шектүү катары аталган айылдын эки тургуну Калбатыр аттуу эркек киши жана Мунира аттуу жалгыз бой аял кармалган.
"Алгачкы көрсөтмөгө таянсак, шектүүлөр Калбатыр жана Мунира көңүлдөш мамиледе болушкан. Ошондой эле шектүү аял каза болгон Мамарасул А. менен да жакын ымалада болгон. Шектүү Мунира каза болгон адамдын 950 миң сом акчасы бар экенин билип, акчасын алуу максатында анын көзүн тазалоону ойлогон. Бул ишке ал көңүлдөшү Калбатырды көндүрүп, экөө биргелешип ээн талаада маркумдун колу бутун байлап, оозун таңып, бийиктиги 4 метр болгон тик кырдан түртүп жиберишкен. Маркум алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Андан соң маркумдун жансыз денесин өзү жашап келген үйдүн сарайына алып барып таштап, үйүнө кирип көздөгөн 950 миң сомду издеп башташкан. Жыйынтыгында болгону 750 сом гана табышкан. Кайра келип сарайда жашырылган маркумду жыйылган чөбү менен кошо бензин чачып өрттөп салышкан", - деди басма сөз кызматы.
Басма сөз кызматынан маалымдашкандай, эки шектүү кылмыш ишин жасоону бири-бирине шылтоодо. Аял "бул кылмышты жасоого көңүлдөшүм мажбурлаган" десе, шектүүлөрдүн бири Калбатыр "Мунира Мамарасулду телефон чалып чакырып, колу-бутун таңып, анан мени жашынтып койгон жеринен чакырып келип, аны кырдан ылдый түртүп жибер деп буюрган" дейт.
Катталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.