Экс-депутат Асия Сасыкбаева: "Парламентте оппозиция жок болуп жатат"

Сооронбай Жээнбековдун президент болгонуна бир жылга жетейин деп калды. Бул убакыт ичинде анын дарегине, ишмердүүлүгүнө сын айткан саясатчы же саясий күч байкала элек. SUPER.KG порталынын "Учурда чыныгы оппозициялык саясатчылар кимдер? Парламентте оппозиция барбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева жооп берип жатып, чыныгы оппозициянын күчү көрүнбөй турганын айтты.

“Парламентте оппозиция жок болуп жатат. Жогорку Кеңеште оппозиция күчтүү болбосо, өнүгүү болбойт. Көп стратегиялык маселелер, мыйзам долбоорлор туура эмес кабыл алынганын көрүп туруп унчугушпайт. Мисалы, жараатты ачып туруп дарылаш керек да. Аны ачпай туруп дарылаганда пайда болбойт. Ошондуктан болгон маселелерди ачык чыгарып, чечүү зарыл”, - деди Сасыкбаева.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Жылдызкан Жолдошева, Мээрбек Мискенбаев, укук коргоочу Рита Карасартова, журналист Шайырбек Абдрахмандын пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан