КҮНСЕРЕП: Атамбаев өз чындыгын жарыялады: Бишкекти суукта кырсыктан сактап калгандар камакта отурушат

Бүгүн, 3-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жакын арада “тазаланууга” туш болот. Бул окуянын өнүгүшүндө коомчулуктун кайдыгер болбогону да роль ойноду. Бүгүн аталган мекемедеги буга чейин айтылган коррупциялык иштер жана мыйзам бузуулар боюнча комиссиянын жыйынтыгы чыкты.

23-августта аталган инспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева мекемедеги коррупцияга каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууп калганын айтып чыккан. Анын айтымында, бир топ убакыттан бери инспекциядагы акча каражаттарынын олку-солку пайдаланышы, кадр саясатынын соодалашууга өтүп кеткени жана башка мыйзам бузуулар боюнча жетекчиликке кайрылуусунан майнап чыкпаган. Басма сөз катчынын билдирүүлөрү көз жаздымда калып, ал 11-июлда “Мамэкотехинспекциянын ишмердүүлүгүндөгү коррупцияны жойгула! Жемкор кызматкерлер иштен кетсин, тазаланалы. Кадр саясатын текшерүүнү талап кылам” деген талап менен инспекциянын ичинде акция уюштурган. Акциядан көп өтпөй, Анара Мамбеталиева кызматтан алынган. Инспекциянын директорунун орун басары Мамбеталиева мекеменин ичинде нааразычылык акциясын өткөрүүгө болбогону үчүн кызматтан алынды деп түшүндүргөн. Коомчулукта бул окуя кызуу талкууга алынып жаткан учурда 25-августта президент Сооронбай Жээнбеков Анара Мамбеталиева айтып чыккан коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырган.

Бул аралыкта мурдагы басма сөз катчы Коопсуздук кеңешине коррупцияга аралашкан деп инспекциянын үч кызматкери тууралуу көрсөтмө бергенин, коркутуулар болуп жатканын, мунун айынан жашаган жерин алмаштырганын айтып чыккан. Көп өтпөй Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында Мамэкотехинспекцияда мыйзам бузуулар болгондугу аныкталганын билдирген.

Иликтөөнүн жыйынтыгы кандай болду? Арызды караган мекемелер аралык комиссия адегенде Анара Мамбеталиеваны ээлеген кызматынан бошотуу боюнча инспекциянын чечими мыйзамсыз деген тыянакка келди. Андан тышкары мекемедеги бир топ мыйзам бузуулар аныкталганы айтылды. Комиссия өкмөт башчыга инспекциядагы бир катар кызмат адамдарынын, анын катарында статс-катчынын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу тууралуу маселени карап чыгууну сунуштады. Чечим кабыл алуу кезеги эми өкмөттө.

Мамлекеттик мекемедеги коррупциялык иштерди катардагы кызматкердин айтып чыгуусу өлкөдө чанда кезигүүчү көрүнүш. Ошондон улам да Анара Мамбеталиеванын аракетин коомчулук колдоого алды. Кызматынан кол жууган басма сөз катчынын элге айтып чыккан мыйзам, эреже бузуулар аныкталган соң, аталган инспекцияга жооптуу болгон өкмөт, иликтөөнү жүргүзүүнү тапшырган президент тарабынан да колдоо болушу шарт. Коррупцияга каршы күрөш кызматтан айдалуу менен эмес, мындай көрүнүштөр тууралуу ачык айтып чыккан мамлекеттик кызматкер татыктуу баасын алган, албаганынан, ал мекемелердеги иликтөөлөрдүн жыйынтыгы ачык жарыяланганынан, кемчиликтер калыбына келтирилгенинен билинет...

Бүгүн Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсык боюнча өз чындыгын жарыялады. Экс-президент 31-марттагы маалымат жыйындан бери журналисттердин суроолоруна КСДПнын маалымат кызматы аркылуу жооп берүү же маалымат таратуу менен чектелип келет. Мамлекеттин учурдагы, мурунку жетекчилери катыша турган иш-чараларга ден соолугуна байланыштуу катышуудан баш тартып, эл көзүнөн оолак жүргөн кези. Бирок бул жолку билдирүүсү Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча талкууларга кайрадан жан киргизчүдөй.

Экс-президент макаласын өлкөнүн энергетикалык тармагы ал бийликке келген жылдары өтө кейиштүү абалда болгонун эске салуу менен баштаган. Андыктан энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылуу үчүн бир топ чоң иштер, алардын катарында Бишкек ЖЭБин жаңылоо зарылчылыгы келип чыкканын билдирген. Бул багытта сүйлөшүүлөр кандай жүргөнү, ЖЭБди жаңылоо боюнча компания кандай шартта тандалып алынганы, ЖЭБди жаңылоонун баасы кантип бычылганы, келишимди түзүүдөгү урунттуу учурлар баяндалган. Мына ушул келишимдин форматында кызыктуу жагдайлар катылган. ЖЭБ чуусунда ачыкка чыгып, элдин кыжырын келтирген маалыматтардын бири 600 долларлык кычкачтар, 14 миң 500 долларлык камералар, бир консультантка коротулган 5 миллион доллар сыяктуу асманды чапчыган баалар болгон. Алмазбек Атамбаев келишимдин форматы эл аралык тажрыйбага негизделип түзүлгөндөн улам болгонун айтат. Ал келишимдин негизинде тандалып алынган ишти аткаруучу өзү долбоор жасайт, өзү керектүү жабдууларды сатып алат, өзү курулушка байланыштуу бүт жоопкерчиликти моюнуна алат деп жазылган. “Ошондуктан мен тийиштүү далилдер болгон учурда, бул буюмдарды жогорулатылган баалар менен сатып алгандар да, аларды өткөрүп алгандар да мыйзамга ылайык катаал жазасын алууга тийиш деп эсептейм”, - дейт Атамбаев. Экс-президент буга чейин маалымат жыйында айткандай эле ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктын келип чыгышына жаңыланбаган бөлүгү себеп болгонун жазат. Эгерде Бишкек ЖЭБинин бир бөлүгү жаңыланбаса, анда баш калаа кыйроого учурамак, дал ошол коркунучтун алдын алгандар бүгүнкү күндө камакта отурушат, чындык ушундай деп сөзүн жыйынтыктаган.

ЖЭБди жаңылоого байланыштуу козголгон кылмыш иштери боюнча эки мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов, "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев жана башка энергетикалык тармактагы ишканалардын мурдагы башчылары камакта. Тергөө иштери аягына чыга элек деген жүйө менен аларды абакта кармоо мөөнөтү эки жолудан узартылды.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБи боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов октябрь айында УКМК, Башкы прокуратура жана Эсептөө палатасынын маалыматын угууну сунуш кылды. Май айындагы депутаттык комиссиянын талкуусу 3 жыйынга созулган. Бул жолкусу да ошондой эле кызыл чекеге түшмөй менен өтөбү же “Белизгейт” чуусу сыяктуу “тарыхта экинчи кайталанбасын” деп бата тилөө менен аяктап калабы? Жаз менен кошо активдешип, “Жогорку Кеңешке жан кирди” деген баага татыган парламент жайкы эс алууга кошо кайратын, эл алдындагы вазыйпасын да унутуп таштап келгендей ой жаратууда. Бишкек ЖЭБин жаңылоо маселесине чекит коюуда эл алдындагы милдеттерин эстешеби? Ушул нерсе маанилүү да, кызык да болуп турат...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан