Той өткөрүп "Оскардан" унаа утуп ал

Бишкектеги "Оскар" ресторанында той өткөрүп, унаа утуп алууга шашыл. Аталган тойкана 25-августта баштаган мындай уникалдуу акциясын 1-декабрга чейин гана улантат. Андан сырткары баш кошкон жаш жубайларга өздөрүнүн аты жазылган “Оскар” статуэткасын белекке бермекчи.

“Оскар” рестораны Бишкектин 6-кичи районунда жайгашып, жеткиликтүү шартта 300дөй конокту тосууга ылайыкташкан. Ошондой эле той залы заманбап жасалгаланган жана ар бир коноктун унаасын батырууга унаа токтотуучу жай салынган. Өз тоюңузга чакырылган коноктордун жагымдуу маанайын кааласаңыздар анда “Оскар” рестораны сиздин кызматта болот.

Аталган жайдын ээси Аскар Дүйшөнбеков мырзанын айтымында, акция 1-декабрь күнү жыйынтыкталып, анын алкагында той өткөргөн түйгөйлөр ресторанга чогултулуп унаа ээси аныкталмакчы.

“Ар бир той ресторан ээси үчүн кадимки жумуш болсо, той ээлери үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан алардын биздин жайда өткөрүп жаткан жакшылыгында мүмкүн болушунча мыкты кызмат көрсөтөбүз. Аны менен гана чектелбей Хонда Инспайр унаасын берүү акциясын уюштурдук. Анда той ээсине купон берилет. Акция жыйынтыкталгандан кийин баарын ушул ресторанга чогултуп купондун негизинде унаа ээсин аныктайбыз. Оюн калыс уюштурулуп, унаанын чыныгы ээсин табабыз. Андан сырткары ондогон белектер ойнотулуп, эстрада жылдыздарын чакырабыз”, - деди Дүйшөнбеков.

Эмне үчүн “Оскар”? Анткени 300дөй конок чакырсаңыз ар бир орундукка болгону 800 сомдон 1200 сомго чейин гана төлөйсүздөр. Ал үчүн тойкана улуттук, чыгыш жана европанын тамактарын дасторконго коюп тосуп алат. Тойкана ээси Аскар Дүйшөнбеков мырза конокторду алдына коюлган даамдар менен тартуу үчүн өз тажрыйбасына таянып мыкты ашпозчуларды чогулткан.

“Ар бир конок үчүн той ээси төлөгөн баадан дагы мыкты тосуп алып, жагымдуу маанай тартуулайбыз. Ал үчүн ашканабызда улуттук, чыгыш жана европанын тамактарын мыкты жасаган ашпозчуларыбыз бар. Алар көптөгөн сыноолордон өткөн жана алар менен мактана алабыз. Ашкананын тазалыгы да талапка жооп берет”, - деди Дүйшөнбеков.

Ресторан ээси той ээлери үчүн мындай акцияларды дагы далай уюштурарын, алдыга коюлган максаттары менен рестораны келечекте премиум-класска жете турганын кошумчалады.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан