Бишкекте көпүрөдөн секирүүгө аракеттенген кыз куткарылды. Ал апасына таарынып көпүрөгө чыгып алган

Бишкекте көпүрөдөн секирип, өз жанын кыюуга аракеттенген кыз куткарылды. Ал апасына таарынып көпүрөгө чыгып алган. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, окуя 3-октябрда, саат 18:45 чамасында Л.Толстой жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөдө орун алган. Анда 2002-жылы туулган Т.М. аттуу кыз өз жанын кыюуга аракет кылган. Аны милиция кызматкерлери көпүрөгө чыгып, колунан тартып алышкан.

"Териштирүү иштеринин алкагында окуучу кыз сентябрь айынын башынан бери бир эле жолу мектепке барып, ошондон бери барбай жүргөнү аныкталган. Бул тууралуу кыздын мугалими анын апасына билдирип, апасы аны урушкан. Окуучу кыз өз жанын кыюуга аракеттенбегенин, жөн гана көпүрөдө отурганын айткан. Учурда өспүрүм кыз менен тиешелүү кызматкерлер жана психологдор иш алып барууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан