Бишкектеги ооруканалардын биринде ийне сайгандан кийин каза болгон 15 жаштагы кыздын өлүмү иликтенүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
"Кыздын өлүмү иликтенүүдө. Атайын комиссия түзүлүп, иштеп жатышат. Ошондой эле экспертиза дагы дайындалган. Жыйынтык чыккан соң гана түзүлгөн комиссия өлүмдүн себебин айтат", - деди басма сөз кызматынан.
Эске салсак, буга чейин Бишкектеги №8-бейтапканада 15 жаштагы кыз ийне сайылгандан кийин каза болгондугу тууралуу маалымдалган.