Бүгүн, 7-октябрдагы беттеште Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегордун үстүнөн жеңишке жетип, чемпиондук курун сактап калды. Бирок мушташ аяктаган соң орусиялык мушкер Макгрегордун санаалашы Диллон Дэниске атырылып, октагондон ашып өтүп, уруша кетишти. Жыйынтыгында Хабибге чемпиондук кур тапшырылбай калды. Аталган башаламандыкты атайын комиссия иликтеп жатат.
Аталган эки таанымал мушкердин беттеши бир нече айдан бери Кыргыз жарандарынын талкуусунан түшпөй келүүдө. Айрымдары Хабиб Нурмагомедовдун жоош мүнөзүнө мактоо айтса, кээ бири Конор Макгрегорду таластыктарга окшотуп жиберишти. Биз сиздерге Кыргыздын таанымал уул-кыздарынын аталган беттештен кийин социалдык тармактагы баракчасына жазган пикирлерин сунуштайбыз.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев: "Хабиб өзүбүздөн экен го, тосмодон ашып өтүптүр".
Коомдук ишмер Максат Чакиев: "Беттештин жыйынтыгында Хабиб 2 миллион доллар, Конор 3 миллион доллар алат. Бүгүнкү мушташтан кийин көк бөрүдө Хабиб, Конор, Макгрегор деген аттар пайда болот".
Режиссёр Сүйүн Откеев: "Хабиб кызуу кандуулукка алдырбасаң, аябай абройго ээ болмок элең да.... Макул эми. Конор, иним, кайрат кыл, сен".
Ырчы Аскат Мусабеков: "Эми Хабиб баарыңарды "шашлычнаядан" күтөбү?"
Ырчы Мирбек Атабеков: "Бүгүн биз Хабибди колдодук. Бардык күйөрмандарды жеңиши менен куттуктайм! Аллах Таала Хабибге жеңиш берип, аны сынады. Өзүн аягына чейин кармаса, андан да жакшы болмок".