Ысык-Көл облусунун Түп районунда улгайган аялды зордуктоого аракеттенген жаран менен аны сабап өлтүрүүгө шектелген адам классташтар болгон. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан тастыкташты.
"Катуу ур-токмокко алынып ооруканада каза болгон жаран 30 жашта болчу. Ал кылмышка шектүү катары кармалган жаран менен айылдаш, экөө классташ да болушкан", - деп билдиришти милициядан.
Белгилүү болгондой, учурда кылмышка шектүү катары кармалган адам учурда убактылуу кармоочу жайда. Ага 104-берене (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Эске салсак, окуя кечээ, 8-октябрда саат 19:00 чамасында болгон. Анда 30 жаштагы адам мас абалында таанышынын үйүнө кирип барып, анын 78 жаштагы апасын зордуктоого аракеттенген. Апасынын кыйкырганын угуп чуркап кирген баласы мас адамды сыртка сүйрөп чыгып катуу сабаган. Экөөнү ажыратуу үчүн бир нече адам арачы түшкөн. Кийин сабалган киши өзүнө келе албай, ооруканада каза болуп калган.