Өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында алтын медалга жеткен кыргыз спортчусуна 1 миллион сом акчалай сыйлык берилет

Учурда Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында ийгилик жараткан кыргыз спортчулар мамлекеттен ири көлөмдөгү акчалай сыйлыкка ээ болушат. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Улуттук олимпиада комитетинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында алтын медаль утуп алган спортчу мамлекеттен 1 миллион сом, 2-орунду ээлеген спортчу 500 миң сом жана 3-орунду ээлеген спортчу 250 миң сомго ээ болот.

Ошондой эле ийгилик жараткан спортчулардын машыктыруучулары дагы акчалай сыйлыкка ээ болушат. Анда 1-орунду ээлеген спортчунун машыктыруучусу 250 миң, 2-орунду ээлеген спортчунун машыктыруучусу 125 миң сом жана 3-орунду ээлеген спортчунун машыктыруучусу 62 миң 500 сом акчалай сыйлык алышат.

Азыркы тапта өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары 1 күмүш жана 1 коло медаль алышты. Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча мелдеште күмүш медалга татыса, Хасан Баудунов фехтование боюнча мелдеште коло медаль жеңип алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elebes86
2018-10-09 14:39:43
Азыркы заманда акча гана мотивация берет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан