Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Лас-Вегаста болгон жеңишинен кийин Дагестан Республикасынын Махачкала шаарында күйөрмандары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу шаардагы эң ири стадиондордун биринде өтүп ага миңдеген адамдар келди. Мушкерди куттуктоо үчүн келген адамдар алып баруучунун жана Хабиб Нурмагомедовдун тынчтыкты сактап, арт жакка жылуу өтүнүчүн аткарышкан эмес.
Айласы кеткен мушкердин жардамчыларынын бири "Хабиб Нурмагомедов Бишкек шаарына барганда, аны маданияттуураак тосуп алышкан" деп айтып, дагестандык күйөрмандардан тартипти сактоону суранды.
"Мындан 4-5 ай мурун Бишкек шаарында Хабиб Нурмагомедов күйөрмандары менен жолуккан. Анда 20 миңден ашуун адам келген. Бирок ал жакта мындай тартип бузуу болгон эмес. Келгиле, мушкерге болгон сый-урматыбызды көргөзөбүз", - деди жардамчысы.
Эскертке кетсек, Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүндөгү күйөрмандары менен 2018-жылдын 24-январында Бишкек шаарында жолугушуу өткөргөн.