super.kg logo

Бир жыл мурун: Кыргыз-Казак чек ара кризиси жаралып, жүздөгөн ишкерлер банкрот болгон. Өкмөт дале жалпы чыгашаны эсептеп чыга элек

 

Бир жыл мурун “Казакстан тарап Кыргыз-Казак чек арасынан жарандарды өткөрүүдөгү текшерүүнү күчөттү” деген маалымат социалдык тармактарда тарай баштаган. Анда 5 саат бою чек арадан жүздөгөн жарандар өтө албай турганын, жүздөгөн жүк ташуучу унаалар кезек күтүп жатканын жазып чыгышкан. Аталган маселенин чечилиши 2 айга созулуп, саясий кайым айтышуулар менен коштолгон эле...

Чек ара кризисине себеп болгон шайлоо шылтоосу

Расмий Астана чек арадагы кырдаалды президент Алмазбек Атамбаевдин "шайлоо учурунда массалык баш аламандыктар болуп кетиши мүмкүн” деген кебинен кийинки өз өлкөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында уюштурулган “пландуу операция” деп түшүндүргөн. Атамбаев 10-11-октябрда Орусиянын Сочи шаарында өтчү Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуудан баш тарткан соң анын ордуна премьер-министр Сапар Исаков барган. Ал Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, Кыргыз-Казак чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат бергени айтылган. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы бул сүйлөшүүлөрдөн кийин Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада жаралган бардык маселелерди чечүүнү тапшырганын билдирген. Бирок казак тарап "Нурсултан Назарбаев менен Кыргыз премьер-министринин ортосунда сүйлөшүү болгон эмес, алар басып баратып эле кыска маек курган" деп билдирүү тараткан.

Шайлоо шылтоосу аткезчиликке алмашып...

18-октябрда премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев менен Астанада жолугушкан. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргыз-Казак чек арасынан жөө жүрүүчүлөрдү, жеңил автоунааларды, жүк ташуучу унааларды өткөрүүдө артыкчылык киргизүүгө келишкен. Ошондой эле экономикалык байланыш боюнча “жол картасын” түзүү үчүн эки өлкөнүн биринчи вице-премьер-министрлеринин жетекчилигинде жумушчу топ түзүү боюнча чечим кабыл алынган. Мунун эртеси чек арадан жөө жүргүнчүлөрдүн өтүүсү жанданып, жүк ташуучу унаалардын кыймылы да тездеген. Бирок абал толук чечилбеген соң чек ара маселеси Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын 25-октябрдагы Ереванда өткөн жыйынында кайрадан көтөрүлгөн. Анда Сапар Исаков Кыргыз-Казак чек арасында киргизилген чектөөлөр ЕАЭБ келишимдерине каршы келерин билдирген. Буга жооп катары Казак премьери Кыргыз өлкөсү Кытайдын товарларын аткезчилик менен өткөрүүгө жол берип жатканын билдирип, “чек арадагы көзөмөлдүн күчөшүнө ушул себеп болду” деп айткан.

Чек ара кризисине туура келген Атамбаев-Назарбаев тиреши

Сентябрдын аягында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев менен жолуккан сүрөтү интернетке тараган. Буга байланыштуу Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги коңшу өлкөгө нааразычылык нотасын жиберип, бул жолугушуу элдин тандоосуна таасир этиши мүмкүндүгүн айткан. Ал эми Казакстан ТИМи нотага жооп иретинде Кыргыз тараптын реакциясына таң калганын билдирген. Алар Нурсултан Назарбаев Өмүрбек Бабанов менен жолугушкандай эле президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков менен да август айында пикир алышканын эске салышкан.

7-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын бийлигин Кыргыз президентин шайлоого түздөн-түз кийлигишүүдө күнөөлөп, коӊшу өлкөнүн жетекчилерин "өз талапкерин таӊуулап жатышат" деп сынга алган. Казак премьери Атамбаевдин бул сынын “эки өлкөнүн достугуна зыян тийгизе турган билдирүү” деп атаган. Алмазбек Атамбаев чек ара көйгөйү чыккандан кийин Баткенге жасаган сапарында Казак жетекчилигине кезектеги нааразычылык салам-дубайын жолдогон. “Чет элдик байлар, чет элдик бийлик акчасы менен өзүнүн бир "шестёркасын" таңуулап жатат. 3 миң жылдык тарыхы бар эл 3 күндүк блокададан коркпойт, бирөөлөрдүн "шестёркасын" эч качан шайлабайт”, - деген ал. Атамбаев бул чек ара кризисин Кыргыздын жаӊы президенти гана чечиши мүмкүн деп ишарат кылган.

2 ай күттүргөн “жол картасы”

Кыргыз-Казактын чек ара чыры БУУ менен Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен. 2017-жылдын 30-ноябрында жаңы гана президенттик кызматка киришкен Сооронбай Жээнбеков ЖККУнун Минск шаарындагы саммитинде Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, чек араны ачууну жана текшерүүнү күчөтүүнү макулдашышкан. Өлкө башчыларынын тапшырмасы менен 2-декабрда чек ара чырынан 2 ай өткөндөн кийин Кыргыз-Казак өкмөт башчыларынын орун басарлары чек арадагы абалды чечүүгө багытталган “жол картага” кол коюшуп, чектөөлөр толук алынган.

Блокада: Назарбаев 1 жылдан кийин Кыргыздын жолдорун атайын жаап койгонун моюндады

Нурсултан Назарбаев 5-октябрда Казак элине телеканал аркылуу кайрылуу жасады. Анда Казакстандын экономикалык көйгөйлөрү тууралуу айтып, экспортту жогорулатууда Кыргыз өлкөсүндөй күрөшүш керектигин кошумчалады.Айланада эмне болуп жатканына көз жүгүрткүлөчү. Беларусь өлкөсү өзүнүн товар өндүрүүчүлөрүн кандай коргоорун жакшы билесиңер. Ал эми биз жолдорду жаап койгондо Кыргыз өлкөсү эмне кылды эле? Алар күрөшүшкөн. Ал эми биздикилер үн чыгарышпайт, күрөшүшпөйт. Жогорку жетекчилик гана бир нерсе жасашы керек дегенге көнүп алышкан. Ар ким өз кызматын аткарып, биздин товарлардын башка базарларга чыгуусуна шарт түзүүсү зарыл", - деген ал. Назарбаев Кыргыз өлкөсү тууралуу айткан сөзү менен 1 жыл мурун Казакстан Кыргыз өлкөсүн экономикалык блокадада калтырганын моюндады.

Өкмөт: “Чыгашалар эсептелген эмес”

Кыргыз-Казак чек арасындагы текшерүү күчөгөндөн кийин жүздөгөн жүк ташуучу унаалар бир нече күн жолдо калышкан. Өткөрүү бекетинде кезек күткөн жөө жарандарга, айдоочуларга көмөк көрсөтүү үчүн президент тарабынан 1 миллион сом берилип, ал каражат чатырларды тигүүгө жана ысык тамак уюштурууга жумшалган. Бирок суткалап жолдо калган товарлар зыянга учурап, мөмө-жемиштердин сактоо мөөнөтү өтүп, ишкерлер ири зыянга учурашкан. Парламент депутаттарынын сунушу менен атайын комиссия түзүлүп, чек ара кризисинен зыян тарткан ишкерлерге көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилген. Өкмөт болсо чыгашалар эсептелип жатканын айтып, бирок кимдер кандай жардам алганы тууралуу маалыматтарды ачыктаган эмес.

Аталган окуянын жыйынтыгын билүү максатында өкмөткө кайрылганыбызда, учурда чек ара туруктуу иштеп жатканын айтып, ишкерлерге жардам берүү тапшырмасы Экономика министрлигине жүктөлгөнүн билдиришти. Ал эми аталган министрлик SUPER.KG порталына чек ара кризисинин жалпы чыгашасы эсептелбей калганын айтты. “2017-жылдын 30-октябрында жабыркаган ишкерлерге көмөк көрсөтүү боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Атайын комиссия түзүлүп, ага зыян тарткан ишкерлер кайрылышкан. Жалпысынан 15-20 чакты фирма талап кылынган документтерин берген болчу. Анын 5-6сы гана насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу, салыктардан бошотуу, туумдарды кыскартуу боюнча жардамдарды алышкан. Зыян тарткандардын көпчүлүгү убактылуу ишкерлик кылып жаткандар экен. Алар талап кылынган документтерди тапшыра алышкан жок. Ишкерлер тийиштүү кагаздарды алып келбегени үчүн жалпы чыгаша эсептелбей калган”, - деди Экономика министрлигинин тармактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси Залкарбек Абышов.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
10.10.2018. 09:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-02-2018
Соӊку аракети:
19-10-2018 11:13
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындан бир жыль мурун Атамбаевдин ойлонбой сүйлөгөнүнөн казактар чек араны жаап салып канчалаган ишкерлер дыйкандар жабыр тарткан. Атамбаев элим жерим деп күйгөн ажо болгондо оозуна келгенди оттобой ачуусун ичине катып дипломатия менен иш алып барган
10.10.2018. 09:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
31-05-2018
Соӊку аракети:
19-10-2018 13:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаевдин балп этемесинин, Бабановдун чыккынчылыгынын кесепети
10.10.2018. 09:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
274
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
19-10-2018 14:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев казак кыргыз алакасын алсыратып, ишкерлерди банкрот кылган
10.10.2018. 10:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
162
Катталган:
27-11-2013
Соӊку аракети:
19-10-2018 13:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кееде ушундай позициядагы керек. Ленин айткандай: Бир кадам артка, эки кадам алдыга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
116055;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: