Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурумда маркумдун туугандары айыпталуучуну чындыкты айтууга чакырды

Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум өтүүдө.

Ишти карап жаткан сот кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти. Бул учурда Улан Саляновдун туугандары айыпталуучу Эрмек Осмонкуловду чындыкты айтууга чакырды.

"Чындыкты айт, сен ким буюртма бергенин билесиң. Ким экенин айтып кой! "Сени жок кылып коюшат, бул буюртмага кимдер аралашканын айт. Бул кылмышка жалгыз жооп берип каласың", - дешти маркумдун туугандары. Саляновдун туугандары кылмышкерди курчоого алган кызматкерлерге нааразы болууда.

"Мурунку соттук отурумда провокация болуптур. Уландын балдары кылмышкердин жүзүн көргүсү гана келген. Силер аларды түрткүлөп, ызы-чуу кылыптырсыңар", - деди Аида Салянова.

Буга чейин Осмонкулов: "Абыкулов (ред. Асанэмир Абыкулов - Саляновдун өлүмүнө шектүү дагы бир адам) келгенде баарын айтып берет", - деп айткан.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен. Кийин анын өлүмүнө шектелип Бишкек шаарынын 32 жаштагы Э.О. аттуу тургуну кармалган.

Улан Саляновдун туугандары айыпталуучуну чындыкты айтып берүүгө чакырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан