Владимир Путин Хабиб Нурмагомедовго: "Сени катуу жазалабасын деп атаңдан суранам"

Орусиянын президенти Владимир Путин мушкер Хабиб Нурмагомедов жана анын атасы Абдулманап Нурмагомедов менен Ульяновск шаарында "Орусия - спорттук держава" форумунун алкагында жолукту. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Путин спорттун түпкү максаттары кирешеден жана жарнамадан жогору турарына үмүттөнөрүн айтты. Орусиянын президенти бул сөз Хабибдин атаандаштарынын командаларына тиешелүү экенин баса белгиледи. Мындан тышкары ал мушкерге атаандаштары менен мыкты адамдык мамилелер түзүлөрүн каалады.

Нурмагомедов өз сөзүндө коомчулук анын "секирүүсүн" эмес, мушташын баалай турганына ишенерин билдирди. "Менин атаандашым (Макгрегор) ата-энеме, өлкөмө орой мамиле жасаган. Мен өзүмдү татыктуу алып жүрдүм. Бирок айрым учурда өзүмдү кармай албадым, анткени мушташ учурунда провокациялар уланып жаткан. Сот биздин пайдабызга чечим чыгарат деп үмүттөнөм", - деди Нурмагомедов.

Путин бул провокациялар атайын жасалган иш экенине түшүнөрүн айтты. "Эгер кимдир бирөө бизге сырттан чабуул жасаса, сен гана эмес, биз бардыгыбыз ушундай секиришибиз мүмкүн, кийин өздөрүнөн көрүшсүн. Бирок мындайга жеткирбеш керек", - деди Путин.

Ошондой эле Орусиянын лидери мушташтан кийинки окуя боюнча пикирин айтып жатып, "сени катуу жазалабасын деп атаңдан суранам" деп айтты.

Буга чейин Хабибдин атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов тартип баарынан жогору туруш керек деп, баласын UFC`ден да катуу жазалай тургандыгын билдирген.

7-октябрда өткөн беттеште Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегордун үстүнөн жеңишке жетип, чемпиондук курун сактап калган. Бирок мушташ аяктаган соң орусиялык мушкер Макгрегордун санаалашы Диллон Дэниске атырылып, октагондон ашып өтүп, уруша кетишкен.

Путин Хабиб менен жолукту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
wirintai27
2018-10-11 10:39:05
Хабиб журогумон оорун алдын го
-4
al-abu-kinesz
2018-10-11 16:15:08
Оо Путин Путиндигин кылыптыр азамат! Хабибке курч кырдаалда эн сонун поддержка болду.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан