super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Бабанов Жээнбековго салам айттырды

 

Бүгүн, 11-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова берген арызынын негизинде бүгүн ээлеген кызматынан бошотулду. Ал бул кызматты 2016-жылдан бери аркалап келген. Аталган министрликтин тегерегиндеги ызы-чуунун уланып келе жатканына үч апта болуп калган эле.

22-сентябрда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп турган Зууракан Каденованын учактагы чыры коомчулукта сынды да, талкууну да жараткан. Ал бул окуянын айынан кызматтан бошотулганы маалым. Бирок чыр ушуну менен токтоп калбай, ага удаа Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеванын аталган министрликтин жетекчилерине байланыштуу айрым маалыматтарды ачыкка чыгаруусу менен “отко май тамызуу” уланган. Эл өкүлү министр өкмөт башчы уруксат бербесе да эмгек өргүүгө чыгып, үй-бүлөсү менен бир нече мамлекетке чыгып келгенин билдирген. Ошондой эле депутат чет мамлекетке окууларга атайын адистерге чакыруу келсе, министр же анын орун басары өздөрү бара турганын белгилеген. Мындан тышкары Касымалиева алар көпчүлүк учурда дипломатиялык паспорт колдонуп жатканын кошумчалаган.

Мындай сындан кийин Лунара Мамытова бул кызматка келгени 3 жолу гана чет мамлекетке чыкканын билдирип, депутаттын айткан сөздөрүн төгүндөгөн. Министрлик "Касымалиеванын айыптоолору негизсиз, анын максаты - жалпы системди каралоо" деп жооп кайтарган. Бул аралыкта министрликтин башчылары бул чуунун негизинде Башкы прокуратурага да чакырылган. Министрдин жана анын 3 орун басарынын сапарлары боюнча Башкы прокуратуранын иликтөөсүнө таянсак, Таалайгүл Исакунова 9 жолу, анын орун басарлары Лунара Мамытова 3 жолу, Жылдыз Полотова 4 жолу, Зууракан Каденова 10 жолу чет мамлекетке сапар жасаган. Башкы прокуратуранын маалыматында алар кызматтык сапарларга чыгуу тартибин бузуп, сапарлардын жыйынтыгы боюнча отчёт беришкен эмес, эмгек өргүү маалында дипломатиялык паспортторду колдонушкан деп айтылат. Аида Касымалиева бул маалыматтарды жарыялап чыккан соң, коомчулукта Касымалиева өзү министр болгусу келип жатканы тууралуу сөздөр да айтылган. Бирок бул сөздү эл өкүлү четке кагып, министр болуу оюнда жок экенин билдирген. Ал эми Лунара Мамытова 9-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Анын арызын бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев канааттандырды. Бүгүнкү Таалайгүл Исакунованын отставкасын эсепке алганда, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде азырынча бир гана орун басар Жылдыз Полотова өз креслосунда калган болуп саналат.

Үч аптага созулган чууну жыйынтыктап алганда, учурда коомчулукту башка жагдай көбүрөөк кызыктырып жатат. Чиновниктердин чет өлкөгө сапарлары, дипломатиялык паспортторду колдонуу сыяктуу жогорудагыдай окуялар дагы кайсы мамлекеттик мекемеден чыгат? Текшерүү иштери болобу? Же Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен эле токтоп калабы? Азырынча бул жагы коомчулук үчүн бүдөмүк бойдон калууда...

“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Руслан Казакбаев президент Сооронбай Жээнбековду Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш ишке көңүл бурууга чакырды. Буга президенттин соңку сөздөрүнүн бири негиз болгон көрүнөт. Мамлекет башчы Бабановдун туулган жери Талас облусунун Кара-Буура районуна иш сапары менен барганда мурдагы өкмөт, парламент башчылары менен жолугушууну пландап жатканын айткан эле.

Былтыркы жылы өткөн президенттик шайлоодо Бабанов Жээнбековдун башкы атаандашы болгон. Ошондой эле дебатта Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүүнү Бабановдон баштай турганы ошол учурда талкуу жараткан. Шайлоонун жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков 54,22 пайыз, Өмүрбек Бабанов 33,83 пайыз добуш алган. Шайлоодон кийин Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен. Буга кошумча Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон. Бирок бул кылмыш иши токтоп турганын УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов парламент жыйынында билдирген. Быйыл 28-мартта Бабановго "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн" деген айып менен дагы бир кылмыш иши козголгон.

SUPER.KG порталынын Күнсоболуна депутат Мирлан Жээнчороев менен Руслан Казакбаев Бабановдун өлкөгө кайтып келүүсүн колдогон пикирин билдиришти. Ал эми ошол эле фракциядан Зарылбек Рысалиев Бабанов “баарыңардын добушуңарды “урдум” деп өлкөдөн чыгып кеткенин айтты. 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Бабанов менен тандем түзгөн саясатчы Камчыбек Ташиев бир кездеги союздашын күчтүү саясатчы деп айта албай турганын билдирди.

Өткөн жылдын аягында Бабанов саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган. Бирок ал тыныгуу бир жылга жетпей аягына чыкканы турабы? Ушул суроонун жообун бийликтин кийинки реакциясынан күтүп жатышат көрүнөт...


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
116146;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: