Саясат таануучу Жолборс Жоробеков: “Президент шайлоодо өзүнө атаандаш күчтөр менен биригүүгө барышы мүмкүн”

Жогорку Кеңештин 11-октябрдагы жыйынында депутат Руслан Казакбаев президентке ачык кайрылуу жасады. Эл өкүлү Сооронбай Жээнбеков Таласка жасаган сапарында мурунку премьер-министрлер, спикерлер менен өлкө кызыкчылыгы үчүн иштешүүгө даяр экенин айтканын эске салды. "Бабанов шайлоонун жыйынтыгын биринчилерден болуп таанып, президентти колдоп берди жана өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн депутаттык мандатын тапшырып, өз сөзүнө туруп, саясатка аралашкан жок. Өзүмдүн жана шайлоочулардын атынан президенттен Бабановго козголгон кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алуусун суранат элем", - деп кайрылуу жасады.

Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Жээнбеков Бабанов менен тандемге барышы мүмкүнбү?" деген соболуна саясат таануу илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков жооп берди.

Жоробеков президент журт атасы катары өлкөдөгү бардык күчтөрдү бириктириши керек дейт.

“Саясатта бардыгы болот. Биздин президент дагы башка өлкөнүн президенттериндей болуп өзү менен чогуу чыккан жигиттерди чакырса жакшы болмок. Алар: Өмүрбек Бабанов, Улукбек Кочкоров, Адахан Мадумаров жана башка мыкты жигиттер. Булар деле Кыргыз өлкөсүнүн душманы эмес да. Булардын өлкөнү оңдосок деген максат, пландары бар. Президенттин ушундай ишке баруусу туура болмок. Президент журт атасы катары өлкөдөгү бардык күчтөрдүн башын бириктириши керек. Президенттин Таласка барганда айткан сөзүнөн кийин анын Бабановго карата деле ою түз болушу мүмкүн деп ойлойм. Шайлоо учурунда “коррупция менен күрөшүүнү сенден баштайм” деп айтса, айткандыр. Эми анын жеп-ичкени тууралуу факт керек. Бабановдо андай иштер жок. Мен эми тандем түзөт деп айта албайм, бирок чакырып кызмат сунуштап иштешүүсү мүмкүн. Менин оюмча, президент ошондойго барат”, - деди Жоробеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Руслан Казакбаев, Максат Сабиров, Мирлан Жээнчороев, Зарылбек Рысалиев, экс-депутат Камчыбек Ташиевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан