Бүгүн, 12-октябрда Бишкек шаарында футзал боюнча өлкө чемпиондугу старт алат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, чемпиондук 3 оюн менен башталат. Азыркы таптагы өлкө чемпиону болуп "EREM" командасы эсептелет.
"2018-2019-жылдар сезонунда медалдар үчүн 12 команда ат салышат. Алар тайпалык баскычта 2 айлампа ойношот. Тайпалык баскычтын жыйынтыгы менен 8 мыкты команда плей-офф баскычына чыгат", - деп билдиришти федерациядан.
1-турдун оюндары 12-14-октябрь аралыгында Арча-Бешик конушунда жайгашкан Ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде өтөт.
Бүгүн, 12-октябрда орун алчу оюндар:
Саат 17:00дө - "Жакшылык-Илбирс" - "Sun City"
Саат 18:30да - "Алай-Мурдаш" - "Алга"
Саат 20:00дө - "Мурас" - "Строй Мир".