"Найман эне" спектакли Москва шаарында көрсөтүлөт

Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын актёрлору бүгүн, 12-октябрда Москва шаарына жөнөп кетишет. Аталган маданий мекемеден маалымдалгандай, театр кызматкерлери КМШ өлкөлөрүнүн “IX Эл аралык куурчак театр" фестивалына катышат.

Берилген маалыматка ылайык, анда Кыргыз өлкөсүнөн барган актёрлор "Найман эне” спектаклин орус тилинде 14-октябрда көрсөтүшөт. Бул фестивалга он чакты өлкөнүн куурчак театрлары чакырылган.

"Фестивалда коюлуучу спектакль - улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун терең философиядагы “Кылым карытар бир күн” романынан алынган бир үзүм баян. Инсценировкасын иштеп чыккан Бакы Өмүралиев, койгон режиссёру – Казакстан Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери Бекпулат Парманов, сүрөтчүсү Юлдаш Нурматов, музыкасын жазган Ырысбек Усманов", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы куурчак театры 23-сентябрда 80-театралдык сезонун өзгөчө шаң менен бөбөктөрдүн курчоосунда ачкан. Буга удаа эле 28-сентябрда “Найман эне” аттуу спектаклинин бет ачарын өткөрүп, жеткинчек күйөрмандарына сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан