Аалы Карашев: "20 жылда кургак учук оорусу менен күрөшүүгө 100 миллионго жакын евро кетти, жыйынтык жок"

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында депутат Аалы Карашев саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевден өлкөдөгү кургак учук менен ооругандардын жалпы саны тууралуу маалымат берүүнү сурады.

Министр Космосбек Чолпонбаев депутаттын суроосу боюнча так маалыматы жок экенин айтып, кат түрүндө жооп берерин убадалады.

Карашев кургак учук оорусу менен күрөшүүгө көп акча сарпталганына карабай бул ооруга чалдыккандардын саны көп экенин белгиледи.

“Акыркы 20 жылдан бери кургак учук оорусу менен күрөшүүгө 100 миллиондон кем эмес евро кетти. Бирок өлкөдө бул оору менен ооруган адамдардын саны азайбай келет. Бүгүнкү күндө 60 миңге жакын адам бул ооруну жуктуруптур. Бүткүл башкаруу бийлиги бул оору менен күрөшөбүз, бирок жыйынтыгы жок болуп жатат. Бул тармакка бөлүнгөн акчаны максаттуу пайдаланып, бул көйгөйдү жөнгө салышыңыз керек”, - деди Карашев.

Жыйындын башында саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргыз өлкөсү кургак учук оорусунун көбөйүшү боюнча алдыда турган 18 өлкөнүн ичинде экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан