Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков: "Жарандарды идентификациядан өткөрүп, анан гана социалдык тармакка катташ керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламент жыйынында Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштаганда социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылган. Парламент жыйынында эл өкүлү анын сунушу социалдык түйүндөрдө бурмаланганын, мындай көрүнүштөрдөн адамдарды коргоо чаралары керек экенин айткан. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Социалдык тармакта жарандын намысын коргогон чаралар болушу керекпи?" деген соболуна Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков жооп берди.

Аскарбеков социалдык тармактагы билдирүүлөргө ашыкча чектөө коюуну колдобой турганын билдирди.

“Биздин мыйзамдарыбызда маалыматтарды таратууну көзөмөлдөөчү расмий чечим бар. Муну ушул маселеде соттошуп көргөнүм үчүн билип калдым. Буга чейин депутат Дастан Бекешев жана активист Алга Кылычев мени пикирим үчүн сотко берген болчу. Социалдык тармакта жазылган пикирлерге көзөмөлдү күчөтүп жиберүүгө каршымын. Андан көрө ар бир жаранды идентификациядан өткөрүп, анан гана социалдык тармакка катташ керек. Себеби чагымчылдыкты, жалганды фейктер жазат. Ошондо ар ким өз атынан катталат. Азыр фейктер жалган маалымат жазышып, аны башкалар таратып жатышат. Акыйкаттыкты айткан адам эч качан фейк баракча менен социалдык тармакка кирбейт. Чагымчылдар эле бул жолго барышат. Биздин саясатчылар атайын адам жалдап, каршылаштарын каралатып жатышат да. Бирок социалдык тармакка эмоция менен жазабы, маданияттуу жазабы, аны тескей албайбыз. Алардын пикири адамдык деңгээлине жараша”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова, адвокат Нурбек Токтакунов, жарандык активист Адил Турдукулов, медиа эксперт Азамат Тынаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан