Бүгүн, 13-октябрда Казакстандан Кыргыз мамлекетине тоок этин алып келүүгө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин 8-октябрда Кыргыз өлкөсү Казакстандан алынып келүүчү тоок этине чектөө киргизилген. тоок этин импорттоого чектөө киргизүүгө "Алматы облусундагы канаттуулар фабрикасында куш тумоосу жайыла баштады" деген шек саноолор себеп болгон. Жогорудагы маалыматтар текшерилгенден кийин чектөө алынары айтылган. Ал эми Казак тарап бул чектөө мыйзамга туура келбесин айтып, өз нааразычылыгын билдирген.
Маалымат боюнча, аталган облуста эпизоотикалык абал туруктуу экени далилденген.