Бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин депутаттары менен өкмөттүн өкүлдөрү футбол боюнча жолдоштук оюндары орун алды.
Мелдеште "Жогорку Кеңеш-1", "Жогорку Кеңеш-2", "Өкмөт-1", "Өкмөт-2" командалары күч сынашты.
Финалда "Жогорку Кеңеш-2" менен "Өкмөт-1" командалары кездешти. Жаштар иштери дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун "Өкмөт-1" командасы беттештин жүрүшүндө 5 гол киргизсе, Жыргалбек Турускуловдун "Жогорку Кеңеш-2" командасы 4 гол менен гана жооп бере алды. Натыйжада 5:4 эсеби менен "Өкмөт-1" командасы мелдештин жеңүүчүсү аталды.
3-орун үчүн беттеште спикер Дастанбек Жумабековдун "Жогорку Кеңеш-1" командасы 8:3 эсеби менен ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун баштоосундагы "Өкмөт-2" командасын утуп алды.