ЖЫЛНААМА, 15-ОКТЯБРЬ: Кыргыз улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси, режиссёр, актёр Назым Мендебаиров 45 жашка толду

Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси, режиссёр, актёр Назым Мендебаиров 45 жашка толду. Ал 1973-жылы 15-октябрда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Режиссёр катары "Кайып булак", "Дудук кыз", "Жубайлар", "Кемпир" сыяктуу кинолорду тартса, актёр катары "Кара кыз", "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Кара жолтой", "Ысык-Көл бешбармактары", "Троллейбус", "Уурунун махабаты", "Президент жана бомж" сыяктуу тасмаларда роль жараткан.

Актёрдун "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Үч балам бар. Кызым журналистика адистиги боюнча окуусун аяктады. Ортончу уулум Аскат телевидение режиссёру кесиби боюнча билим алууда. Кичүү уулум Адил капыстан эле бир күнү "мен театралдык окуу жайга тапшырам" деп чыкты. Азыр окуп жатат. Мен өзүм анын мастеримин, өзүмдүн студентим. Быйыл улуттук "Эргүү" театр сыйлыгына татыктуу болду. Студенттер менен биргеликте койгон "Маугли" спектаклинде башкы каармандын ролун аткарган.

    Балдарым кичинесинде киного түшүп калса деп ойлочумун. Кино – бул баары бир тарых болуп калат экен. Үч балам тең кинолорго тартылышкан. Ортончу уулум Аскат бой жетип калган кезде Асакенин (ред.: Аскат Сулайманов) фильминде башкы ролду ойноого жетишти. Кичүү уулум "Ботоной" деген фильмде башкы ролду аткарган. Акырындан чыгармачылыкка аралаштырганга аракет кылып жатам. Кээ бирлери "эмне кыласың артист кылып?"
    деп айтышат. Менин оюмча, чыгармачылык адамды жакшы нерсеге үндөйт. Ар бир адамда чыгармачылыктын кичинекей уюткусу бар. Кээ бири аны өстүрөт, кээ бири жок кылып салат. Бирок биз мектеп жашынан балдарды чыгармачылыкка үндөгөнүбүз туура болот деген ойдомун".
  • "Театрдын эң кыйналган учуру 1994-1998-жылдар болду. Жадакалса кышкысын жылытылбай, айлыктар берилбей калган. Бирок ошондо да адамдар иштеп жатышты. Спектаклдер коюлду. Азыр эми баягы аталарыбыз айтмакчы, элдин боору бүтүн. Салыштырмалуу айтканда, элдин курсагы ток. Бирин-серин театрга каттагандар бар. Бирок театрдын дайымкы көрүүчүсү жок болуп жатат. Байкашымча, кээде жакшы спектаклге жарым зал көрүүчү отурат. Айрым учурда орточо спектаклге зал толуп калат. Көрүүчүлөрдүн көбү капыстан өтүп баратып кирип калгандар. Демек, биз дайымкы көрүүчүнү тарбиялашыбыз керек. Театрды пропагандалашыбыз зарыл болуп жатат".

15-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан