Сапар Исаковдун жубайы күйөөсү, балдары, турак-жайын сатуу жана Атамбаевдин колдоосу тууралуу

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жубайы Малика Арстанбекова жолдошу менен болгон көрүшүүсү, анын абалы жана суранычы тууралуу 24.kg сайтына айтып берген.

Макала Малика Арстанбековага эң оору төрт кызына атасы кайда экенин түшүндүрүү болгону менен башталган.

— Малика, Сапар Жумакадыровичтин маанайы кандай экен? Өзү жакшыбы?
— Аны бир нерсе кыжалат кылып жатса да, ал тууралуу эч качан айтпайт, ындыны өчө элек, карманып турат. Ооба, жашырбашым керек, стресске кабылткан кырдаалдан улам анын өнөкөт оорулары күчөп кетти. Суук тийип калбасын деп дарыларды, витаминдерди берип жиберип жатам. Өтө чоң эмес маселелер бар, бирок бул тууралуу ал айткысы келбейт. Сапарга ооруканага жаткыруу керек эмес.

— Сапар Исаков камеранын ичиндеги шарттарга нааразы болобу?
— Камерадагы кармоого анын эч кандай нааразычылыгы жок. Биз жолугушууда үй-бүлө, балдар жөнүндө сүйлөшөбүз. Мен ага жаңы китептерди алып барып берем. Кийин кайра китептерди талкуулаш үчүн мени да ал китептерди оку дейт. Тамак-ашты тандай бербейт. Мен ага сүт азыктарын, жашылча-жемиштерди берип жиберем.

— Ал камерада кимдер менен отурат?
— 3 адам отурат. Бирок алар кимдер экенин билбейм. Биздин жолугушууларда убакыт тар. Эки сааттык жолугушуу менин балдар тууралуу айтып берген окуяларыма кетет. Кичүү кызыбыз жакында 1 жашка толот. Сапар ал эмнелерди үйрөнгөнүнө көп кызыгат. Ал кызыбыз атасын унутуп калбайт болду бекен деп кабатырланат. Мен ишенем, унутпайт. Атасынын сүрөтүн алып чыгып көрсөтсөм, эң кичүү кызыбыз күлүп, сөөмөйү менен сүрөттү көрсөтүп “ата” дейт.

— Атасы азыр каякта экенин кыздарыңызга кантип түшүндүрдүңүз? Камакка алынгандан кийин алар атасы менен жолугуштубу?
— Кыздарды жолугууга алып келбейм деп биз сүйлөшүп алганбыз. Ал кыздардын да жабыркашын каалаган жок. Улуу кызым (16 жашта) баарын билет, кичинекейлерге атаңар командировкага кеткен деп айтууга туура келип жатат.
Улуу кызым менен дайыма сүйлөшүп, анын психологиялык эмоционалдык абалын байкап турам. Өлкөдөгү, дүйнөдөгү кырдаалды айтып, ага кандай реакция кылуу керектигин, атасынын позициясын түшүндүрөм. Аны менен жакшы тил табышам. Кызым кайгы-муңун ичинде сактайт. Мага кичинекей кыздарымды караганга жардам берет, кыска убакыттын ичинде чоң кишидей болуп калды.
Биз маалымат алуу булактарын болушунча чектеп, гезит сатып албай, телепрограммаларды тандап калдык. Кыздар ашыкча бир нерсе угуп-көрүп калбасын деп жаңылыктарды да көрбөйбүз.

— Атасынын камалганынан улам кызыңызда теңтуштары менен түшүнбөстүктөр жаралган жокпу?
— Ал бул боюнча айткан эмес. Анын достору кандай кабыл алышканын сурап көрдүм. Кызымдын чөйрөсү жакшы, курбулары аны колдоп турушат. Кызымдын бул тема боюнча аны кимдир бирөө шылдыңдаганын айтып арызданганын уга элекмин. Бир жагынан алганда, ал буга чейин эле токтоо, жөнөкөй болчу, атасы менен мактанчу эмес. Айрым адамдар гана ал кимдин кызы экенин билишчү.

— Жашаган батириңиздерди сатууга туура келгени чынбы?
— Ооба, биз аны саттык. Юристтерге акы төлөөгө, балдарды камсыздоого акча керек болду. Турак-жай сатып алабыз деген үмүттөмүн. Азырынча ата-энемдин үйүндө жашап турабыз.

— Анда Сапар Исаковду миллиондорду алган деп айыптаган акча жокпу?
— Бул эми күлкүлүү да! Ушул тууралуу укканда сарсанаа болуп баштайм. Бул мазактоо. Биз анын жумушун дээрлик талкуулачу эмеспиз. Ал дайыма чарчаганын, эс алгысы келип жатканын айтчу. Мен жолдошума ишенем.
Пара алуу, белек алуу алардын үй-бүлөсү үчүн жат көрүнүш. Атам өтө жупуну жашачу. Биз дагы ошентип жашадык. Балдарды көп эркелетпей, керектүүдөн ашыкча эч нерсе берчү эмеспиз. Жолдошум үчүн көп кабатыр алган жокмун.

— Үй-оокаттарына кетчү чыгашаларды кыскартканга туура келсе керек?
— Жашообуз дайыма эле жөнөкөй болчу. Балдарда деле ашыкча чыгым болгон эмес. Кошумча сабактар, ийримдерди калтырдык. Ал балдардын өсүүсү үчүн керек.


Биз резиденцияга көчүп келгенде балдар ал жерде убактылуу жашай турганыбызды, бир күн кайра көчүп кетерибизди билишкен. Ал кызматтан кеткенден кийин мен аларга атаңар эми бул жакта иштебейт деп түшүндүрдүм. Балдарыбыз шамдагай, эрке эмес, бардык окуяларды түшүнүү менен кабыл алышат.

— Сот акыйкат чечим чыгарат деп ишенесизби?

— Мен күйөөмдүн күнөөсүз экенине ишенем. Акыйкаттыктын бар экенине ишенгиң келгени менен акыркы убактарда болуп өткөн окуялар шектенүүнү жараткан жана бир аз абайлаш керек болгон абалга жеткирүүдө. Бирок баары бир бейтарап соттук чечим болот деп үмүт кылам.

Сапар Исаковдун бардык иш сапарлары расмий болду, анын алдыда бара турган иш сапарлары тууралуу мен көбүнчө жаңылыктардан билчүмүн. Ал аябай чарчачу. Кечкисин мен ага болгону тамак берчүмүн, андан башка эч нерсе тууралуу сурачу эмесмин. Ал эс алууга Ысык-Көлгө да бара албай калган, 2007-жылдан бери эмгек өргүүсүн алган эмес.

— Сапар Исаков ушундай иштегенине өкүнөбү?

— Жок, ал эч нерсеге өкүнбөй тургандыгын айткан. Ал чын дили менен иштеди, анын мамлекеттик системди өзгөртүп, өлкөнү жакшыртам деген чоң каалоосу бар болчу. Бир гана өкүнгөнү - балдарынын кандай чоңоюп жатканын көрбөгөнү, аларга тиешелүү деңгээлде көңүл бура албагандыгы.

— Сапар Жумакадыровдун КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев менен байланышы барбы?

— Алар менен жолугушуулар болгон эмес. УКМКнын СИЗОсунун тартиби боюнча, анда кармалган адамга бир гана жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилет. Алмазбек Атамбаев мен менен байланышып турат. Биздин достук мамилебиз бар деп айта албайм, ал бизди колдоп, жардам берип турат. Сапар камакка алынган учурда ал мага моралдык жактан колдоо көрсөтүп турду. Адамдын "Анын таза адам экенине ишенем" деп айтканы мага күч берет. Мен Алмазбек Шаршеновичтин мындай колдоосу үчүн ыраазымын.

Юлия Костенко

Маек "24.kg" сайтынан которулуп берилди.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Bazake
2018-10-15 13:27:51
Сапар Исаков миллиондорду афшорго которуп койгон. Мынчалык куулук кылыштын кереги жок болчу. Аялы да даана артист турбайбы мунун. Эч нерсеси жок болсо кыска аралыкта баасы 300 мин долларды чамаган квартираны кайсы акчасына алды?
+19
Azyk_tegin
2018-10-15 13:31:38
Bazake, "бироонун олумун тилегиче, озундун омурунду тиле" дейт биз жакта же тундукто. Так что калп эле козу ачыктанбай оокатынды кылчы.
-10
Anaraalieva
2018-10-15 16:20:59
Azyk_tegin,тундукто эле эмес кыргыз элинин созу.
+12
bekmirzach
2018-10-15 13:41:01
Сапар жеген акчаларын ушунчалык митаамдык менен жашырган экен ал эмес аялыдда билбейт экен. Эртеби кечпи уурдалган миллиондор ачыкка чыгат.
+10
Jaziko80
2018-10-15 18:09:46
Bazake,туура бечара, байкуш болуп корунолу деп уйун сатып койушту да. Эл билип эле турбайбы. Элди келесоо ойлошот окшойт..
+8
Karakash
2018-10-16 15:37:37
Bazake, туура айтасын миллиондорду жеп койгону менен иши жоок байкуштан бетер артистениптир да аялы театрда артист болсо жакшы спектакль ойноп бермек экен. Турмого барып окуган китептери тууралуу талкуулаганы кызык экен. Кулкулуу.
0
Erik2018
2018-10-15 13:31:14
Сапар Исаков кайсы арына таза адам. Ал жеткен жегич. Акаевдин маалынан бери кызматтан кызматка кын дебей секирген адам кантип эле таза болуп кетсин. Былыктын баары чыктыго. Өкмөт башчы болуп турганда анын командасы беш колун салып жүрдү. Мына азыр жеп ичкендерин кусуп абакта жатышат.
+15
Alia82
2018-10-15 13:59:37
Же ото куу же чын эле жонокойбу чогуу жанында журбогондон кийин бир нерсе деш кыйын, бирок аялы,кыздарына жалко, эчкимдин башына салбасын мындайды
+20
Alia82
2018-10-15 14:01:12
Эгер чын эле жеген болсо эмнеге эчнерсе табалбай атышат же биздин УКМК акылы жетпейби мындайларга
+17
pat12
2018-10-15 14:51:19
Сокени шайлаган эл озу шорду. Ага ишенген Атамбаев андан бетер шорду. Сокенин бийликте отурганы бир жыл болуптур. Эмнени кыйратты билбейм. Сокеден эч жакшылык кутпогуло. Сапарды ак жеринен каматып салды.
+4
Erik2018
2018-10-16 09:34:30
pat12,Президент элдин колдоосуна татып анан бийликке келген. Сендейлер тажатты
0
ALATOOLUK.JIGIT
2018-10-15 15:30:07
Кызын унутпайт кабатыр алба,Сапаш. Элдер деле жылдап журот Россияда унутпады балдары.
+20
interpol
2018-10-15 15:53:05
Байкуш КСДП биринин этини бириң же. Ак ит көк ит баары бир ит. Бечара сапаш эгер бейкүнөө отурган болсоң бейкүнөө жерден күнөөлөнгөн кандай экенин түшүндүңбү?????
Неге аташкаң ак жеринен Жапаров, Текебаев, Исаевтерди камап жатканда үн катпадың. Сенин күнөөң жок ак экениңе ит да ишенбесе керек.
+11
anonymous
2018-10-15 17:05:09
Өзүнчө эле бечара го бооруң ооруйт.жеп жатканда ойлонсо болмок
+7
AKCAHAT
2018-10-15 19:40:28
Романтика го ээ. Китеп алып келип анан аялы да окуп. Китептегилерди талкуулашат экен. Тообо. Мелодрама.
+12
Feiza1982
2018-10-16 02:31:24
Эч нерсе сүйлөшчү эмеспиз тамак эле жасап берчим деп кайра Сапар жөнүндө суроолорго так даана жооп бериптирго.
+3
Akshumkar
2018-10-16 13:08:44
Ушу комент жазып жаткандарга тан калам кошо жешип койгонсуп же кармап алгансып. Бир нерсени так билип алып анан жазгылачы. 4 ай болду эч нерсе таппай жатса балким таза. Анан жеди минтти деп.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан