Бишкек-Ош жолундагы эки унаа катышкан кырсыктан 2 айдоочу каза болуп, 3 адам жабыркады

Бишкек-Ош жолунда эки унаа бетме-бет сүзүшүп, натыйжада унаалардын 2 айдоочусу каза болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Аталган бөлүмдүн ага тескөөчүсү Темирлан Мирсадык уулунун айтымында, жол кырсыгы 13-октябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 164-чакырымында орун алган. Анда Субару Форестер унаасы менен Тойота Форанер үлгүсүндөгү унаалардын айдоочулары бетме-бет сүзүшкөн.

Белгилүү болгондой, жол кырсыгы айдоочулардын бири жүк ташуучу унааны озуп өтүү үчүн каршы тилкеге чыккандан улам болгон. Натыйжада айдоочулар окуя болгон жерден каза болуп, 3 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда бул факт боюнча материалдар чогултулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.





кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aika8985
2018-10-15 16:15:20
Алыс жолго чыккандарды Аллахым сактасын,суукта аман-эсен уйлоруно жетишип алышсын.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан