ЖЫЛНААМА, 15-ОКТЯБРЬ: "Жеңилбес мушкер" аталган профессионалдуу боксчу Энтони Жошуа 29 жашка толду

Бүгүн британиялык мушкер, профессионалдуу боксчу Энтони Жошуа 29 жашка толду. Ал 1989-жылы 15-октябрда Англиянын Уотфорд шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы - ирландиялык, энеси - нигериялык. Жалгыз карындашы бар. Ирландияда төрөлсө да балалыгы апасынын мекени Нигерияда өткөн. Энтони Англияга мектеп жашына жеткенде гана келген. Кичинекей кезинен тарта спортко кызыгуу менен, 100 метрлик жерге 11 секундда жетип футболчу жана жеңил атлетчи катары ишеним жаратып келген.

Апасы жана карындашы менен

Карьерасы

Мектепти бүтүргөндөн кийин Уотфорддо кыш чыгарган заводдо иштеген. 17 жашында аталаш тууганы ээнбаштыгын тарбиялоо максатында бокс залына машыгууга алып келет.

Бул туурасында: "Мен бокско агам менен келгем. Бокс мага өзүмдү тарбиялоого жардам берди. Бардык балдар сыяктуу эле бокс залына кирип, чемпион болууну кыялдангам. Софит жарыгынын алдында кызыл килем аркылуу рингге чыгууну каалачумун", - деп эскерген ал.

Жошуанын ээнбаштыгы кийин дагы калган эмес. Ал көчө мушташтарына жана мыйзамсыз унаа жарыштарга катышып бир нече ирет камалып чыккан. 2011-жылы жанында баңгизат сактагандыгы үчүн соттолгон.

Кичинесинен тарта кумири санаган легендарлуу боксчу Мухаммед Алинин жана ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун беттештерин үзбөй көрүп, кеч машыгып баштаганына карабастан кыска убакытта тажрыйбалуу боксчуларды жеңип ийгиликтерди багынткан.

Энтони Жошуа өзүнүн алгачкы маанилүү беттешин 2008-жылы Диллиан Уайт менен өткөргөн. Уайт да боксчу катары беттешке биринчи жолу чыкканына карабастан мурунку кикбокс боюнча тажрыйбасын колдонуп Жошуанын үстүнөн жеңишке жетет.

Энтони 2009-жылы оор салмак ченинде Харингейдин Кубогун жеңип алат. 2010-жылы оор салмак категориясында ABAEнин тандоосу боюнча Англиянын чемпиону аталган. 2011-жылы бокс боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышып күмүш медалга ээ болгон. 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиадада оор салмак категориясында финалда Роберто Каммареллени жеңип Дүйнө чемпиону болгон.

Энтони Жошуа 2013-жылы Эдди Хирн менен келишим түзүп профессионалдуу бокско өткөн. Профессионалдуу бокстогу дебюту жеңилбес Эмануэле Леону 1-раундда нокаутка кетирүү менен аяктаган.

2014-жылы тажрыйбалуу мушкер, Улуу Британиянын экс-чемпиону Мэтт Скелтон менен кез келип атаандашын 2-раундда жеңген. 11-октябрда Денис Бахтов менен беттешип WBC International`дын бош титулун ээлеген. Ушул эле жылы PPV`де дебют жасап техникалык нокаут менен 1-раундда бокс ардагери саналган Майкл Спротту жеңип алган. Жыл аягында "The Ring" журналынын тандоосу боюнча келечектүү мушкер деп табылган.

2015-жылы Жейсон Гаверн жана Зумбано Левени жеңген.

2017-жылы британиялык Энтони Жошуа украиналык мушкер Владимир Кличко менен беттешип, 11-раундда техникалык нокаутка учураган. Эл аралык бокс уюмунун (IBO) жана эл аралык бокс федерациясынын (IBF) чемпиондук куру үчүн болгон беттеш 30-апрелге караган түнү орун алган.

Беттештин 5-раундунда британиялык мушкер атаандашын нокдаунга жиберген. 6-раундда Жошуа өзү нокдаунга кабылып, 11-раундда Жошуанын чабуулу күчөп, алгач атаандашын 2 ирет жыгылып кайра бутка турганга мажбур кылган. Кийинки мыкты чабуул башталганда калыс беттешти токтоткон.

Жеңилип көрө элек Энтони Жошуа муну менен профессионалдык рингде 19-ирет жеңишке жетишкен. Ал эми 69 беттеш өткөргөн Кличко карьерасында 5-жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Жеке жашоосу
Жубайы Николь Осборн
Энтони Жошуа үй-бүлөлүү. Жубайы - бийчи Николь Осборн. Жубайлар 2015-жылы 6-октябрда Жозеф Бэйли аттуу уулдуу болушкан.Уулу Жозеф Бэйли
15-октябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2018-10-15 18:46:59
Ростислав Плечкого чыкса олтурот бул чала негирди.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан