Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Президент Жогорку Кеңешти, өкмөттү, күч түзүмдөрүн ээлеп бүттү"

Бүгүн, 15-октябрда президенттик шайлоо болуп өткөнүнө 1 жыл толду. Анда Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 54 пайызынын колдоосуна ээ болуп, өлкө президенти болуп шайланган. Буга чейин Кыргыз өлкөсүн 4 президент башкарып, ар бири өзүнчө бааланып, тарыхка жазылып калды. Бири үй-бүлөсүн, бири жакындарын бийликке аралаштырып, коомчулуктун сынына, куугунтугуна кабылган. Ошонун "жемиши" менен 2 президент бозгунда жүрөт. Азыркы президент мурункулардан сабак алдыбы?

SUPER.KG порталынын "Жээнбеков өлкөгө президент болуп шайланганына 1 жыл болду. Ал Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев кетирген кайсы кемчиликтерди жоюп, кайсы катачылыктарды кайталап жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.

Жээнбеков азыркы президент мурдагы өлкө башчылардай күчтүү авторитардык бийлик орнотуп бүтө элек деген пикирде.

“Буга чейинки бийликтен эң чоң айырмасы журналисттерди кысымга алган жок. Муну сөзсүз эске салып коюшубуз керек. Биринчи кемчилиги 1 жыл болсо да реформаларды баштай алган жок. Сот, билим берүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы реформалар ишке ашырылбай турат. Экинчи кемчилиги, кадр саясатында каталар кетти. Мисалы, Бишкектин мэрин, акыйкатчыны шайлоодо. Ал эми буга чейинки президенттерибизге салыштыра турган болсок. Алардай күчтүү авторитардык бийликти кура элек. Бирок Жогорку Кеңешти, өкмөттү, укук коргоо органдарын ээлеп бүттү. Ошентсе да буга чейинки президенттердей орношо элек”, - деди Жээнбеков.

Саясатчы Адахан Мадумаров, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Таалатбек Масадыков, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Даниел Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан