Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун: "Асылбек Жээнбеков тууралуу сөздөр кээ бир кызыкдар күчтөрдүн ушагы"

Бүгүн, 15-октябрда президенттик шайлоо болуп өткөнүнө 1 жыл толду. Анда Сооронбай Жээнбековшайлоочулардын 54 пайызынын колдоосуна ээ болуп, өлкө президенти болуп шайланган. Буга чейин Кыргыз өлкөсүн 4 президент башкарып, ар бири өзүнчө бааланып, тарыхка жазылып калды. Бири үй-бүлөсүн, бири жакындарын бийликке аралаштырып, коомчулуктун сынына, куугунтугуна кабылган. Ошонун "жемиши" менен 2 президент бозгунда жүрөт. Азыркы президент мурункулардан сабак алдыбы?

SUPER.KG порталынын "Жээнбеков өлкөгө президент болуп шайланганына 1 жыл болду. Ал Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев кетирген кайсы кемчиликтерди жоюп, кайсы катачылыктарды кайталап жатат?" деген соболуна мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жооп берди.

Ал Сооронбай Жээнбековдун бир нече жакшы кадамдарын санап өттү.

"Мурдагы президенттердин дээрлик бардыгы соттордун ишине кийлигишип, өз бийлигин жүргүзүшкөн. Азыркы өлкө башчы болсо соттордун жана укук коргоо органдарынын ишине дээрлик кийлигишкен жок. Ошондуктан “Раим-миллиондор” соттон утуп жатышат. Башка президенттерден айырмаланып, коомдук уюмдар менен жолугушуп кеңири кызматташууну баштады. Мындан тышкары, өлкөдөгү коомдук-саясий күчтөрдү бириктирүүгө аракет кыла баштады. Мурдагылар мындай аракетти кыла алышкан эмес. Кошуналар жана башка мамлекеттер менен мамилени дээрлик оңдоп, көйгөйлүү өлкөлөр жокко эсе болуп калды. Башка мамлекеттерге Кыргыздын жерин берген жок. Аялдары, балдары же бир туугандары башкарып, чалчактаган жок. Асылбек Жээнбеков тууралуу сөздөр кээ бир кызыкдар күчтөрдүн ушагы. Расмий жолугушууларда кыргызча сүйлөп мамлекеттик тилдин ролун көтөрүүгө салым кошо баштады", - деди ал.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Таалатбек Масадыков, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Даниел Кадырбековдунпикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан