Ош облусунун Кара-Суу районундагы аскер комиссариатынын Ж.А. аттуу кызматкери пара алып жаткан жеринен колго түштү. ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Криминалдык милиция кызматынын түштүк аймактар аралык башкармалыгына Кара-Суу районунун тургуну арыз менен кайрылган. Арызда аскер комиссариатынын кызматкери уулуна аскер күбөлүгүн жасап берүү үчүн чоң суммадагы акча талап кылып жаткандыгы белгилеген.
"Аскер комиссариатынын кызматкери ушул жылдын май айынан бери андан 19 миң сом алгандыгы, учурда дагы 5 миң сом пара талап кылып жаткандыгы такталган. Факты боюнча Ош шаарынын Аскердик прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси боюнча (опузалап пара талап кылуу) кылмыш ишин козгогон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында өзүнүн иш бөлмөсүндө 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда Ош шаарынын Аскердик прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө", - деп билдиришти ИИМден.