Чүйдө дайынсыз жоголгон бир туугандар жана алар менен кошо үйдөн чыккан тууганы табылды. Бул маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы тастыктады.
Айта кетсек, 2000-жылы туулган Ырысбек Султанов (Максүталиевич), 1999-жылы туулган Альбина Максүталы кызы жана алардын тууганы 2001-жылы туулган Алина Канат кызы 2018-жылдын 17-сентябрында Кырман конушундагы үйүнөн Мерседес-Бенц-210 үлгүсүндөгү унаа менен чыгып, кайра келишкен эмес. Кийинчерээк унаа Келечек конушунан табылган.
"Дайынсыз жоголгондор 15-октябрда Токмок шаарынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Алар үйүнөн ата-энелери менен болгон уруштан кийин кетип калышканы белгилүү болду. Өспүрүмдөр бир нече жолу жашаган жерин алмаштыргандыктан, аларды издөө иштери созулуп кеткен", - деп билдирди маалымат кызматы.