"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Пол Аллен 65 жашында көз жумду. Бул тууралуу анын үй-бүлөсү билдиргенин АКШдагы басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Аллен 2009-жылдан тартып Ходжкин лимфомасы (организмдин лимфотикалык системине зыян келтирүүчү залалдуу шишик) менен жабыркап келген. Ал көз жумгандан чейин: "Мен бул дарттан айыгып кетериме ишенем. Дарыгерлерим да үмүт артууда. Керектүү дарыларды ичип атайын терапиядан өткөндөн кийин абалым жакшырды", - деп билдирген.
Оорудан улам көз жумган досун эскерген Билл Гейтс ал эң жакшы өнөктөш болгонун баса белгилеген.
"Пол чыныгы дос, мыкты өнөктөш эле. Пол болбогондо "Microsoft" компаниясы негизделбей, персоналдык компьютер жаралмак эмес", - деп билдирген Гейтс.
Пол Аллен дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарында болгон. Ал 2015-жылы "Форбс" журналы жарыялаган эң бай адамдардын тизмесинде 51-орунду ээлеген. Анын байлыгы 17 миллиард 5 миллион долларга бааланган.