Журналист Нарын Айып: "Чыңгыз Айдарбековдун ТИМдин башчылыгына сунушталганын тазалоо деп эсептесе болот"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Кыргыздын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбековду сунуштады. Буга чейин аталган кызматка барышы мүмкүн делген бир топ тажрыйбалуу дипломаттардын аттары аталып жаткан. Алар: Аликбек Жекшенкулов, Руслан Казакбаев, Болот Отунбаев, Данияр Сыдыков. Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин спикери болуп турганда Айдарбеков парламенттин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүн жетектеген. Буга байланыштуу коомчулукта "Айдарбековдун сунушталышына Жээнбековдун тиешеси болушу мүмкүн" деген бүдөмүк пикирлер айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Эрлан Абдылдаевдин ордуна Тышкы иштер министрлигине мурун Асылбек Жээнбековдун жетекчилигинде иштеген адам сунушталды. Бул эмненин белгиси?" деген соболуна журналист Нарын Айып жооп берди.

Ал бийлик интригага аралашпаган кадрларды жыйноого кызыкдар деген пикирде.

"Мен Чыңгыз Айдарбековду жакшы тааныбайт экенмин. Ошон үчүн жеке өзү жөнүндө эч нерсе айта албайм. Бирок буга чейин ТИМге башчы болушу мүмкүн деп айтылып жаткан үлкөн саясатчыларга, тагыраагы, Болот Отунбаев, Данияр Сыдыковдун сунушталбай калганына караганда, бийлик сырттан келген адамга кызыгып жаткандай. Интригаларга аралашпаган, таза адамды алып келүүгө аракет болушу мүмкүн. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов да буга чейин борбордук аппаратта иштеген эмес, аймактагы кызматкер катары эле сунушталды эле. Муну тазалоо деп эсептесе болот. Кантип иштей турганын көрүш керек. Жаман нерсе издөөнүн кереги жок”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев,саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, журналист Айданбек Акматов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан