Ушул жылдын 9 ай аралыгында 98 миң ымыркай төрөлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 9 ай аралыгында 98 миң ымыркай жарык дүйнөгө келген. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 37 миң ымыркайга көп.
Ошондой эле 9 ай аралыгында 754 бала асыроого алынган. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 125 балага көп. Аталыгын аныктоо боюнча жарандар тарабынан 16 миң 634 арыз катталган. Ал эми 2017-жылы 13 миң 585 арыз катталган болчу.
Жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү пул берүү боюнча мыйзам 1-январда күчүнө кирип, сүйүнчү пул алуу боюнча 9 ай аралыгында 55 миң арыз кабыл алынган.