Казак тараптын эт азыктарына койгон чектөөсү жакынкы күндөрдө алынат

Казак тараптын эт азыктарына койгон чектөөсү жакынкы күндөрдө алынат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чек ара ветеринардык-санитардык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Төлөн Ырсалиев кабарлады.

Маалыматка ылайык, Казакстандын Айыл чарба министрлигине бул боюнча кат жөнөтүлгөн.

"Чектөө эч кандай негизсиз жана эскертүүсүз киргизилген. Казак тарапка кат жөнөтүлдү. Жакынкы күндөрдө чектөө алынып, маселе чечилет", - деп билдирди Ырсалиев.

Эске салсак, Кыргыз өлкөсүнүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы куш тумоосу жайылууда деген шектен улам Казакстандан тоок этин алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизген. Буга удаа эле Казак тарап Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн эт продукцияларын киргизүүгө чектөө койгон.

Ал эми 13-октябрда Кыргыз тарап тоок этин алып кирүүгө киргизилген чектөөнү алып салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан