18-октябрда шаардык сотто Сапар Исаковдун камакта калуу мөөнөтүнүн узартылышы боюнча маселе каралат

Эртең, 18-октябрь күнү Бишкек шаардык сотунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун камакта калуу мөөнөтүнүн узартылышы боюнча жактоочуларынын арызы каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка караганда, отурум 9:30да башталат.

Окуянын чоо-жайы:

29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 5-июнда эки айга камакка алынган. 31-июлда анын абактагы тергөө мөөнөтү дагы эки айга узартылган.

1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тергөө абагында калуу мөөнөтүн 5-декабрга чейин узарткан.

Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан