Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги коррупция менен кантип күрөшкөнү тууралуу кыскача хронологияны жарыялады

Кылычбек Султан Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчиси кезинде Зууракан Каденованын Сеулдагы жоругун, Тышкы иштер министрлигиндеги былыктарды ачык айтып чыккан эле. Андан 20 күн өткөндөн кийин президент Сооронбай Жээнбеков элчини кызматтан бошотту. Элчи Кылычбек Султан кызматынан бошотулары менен эле ага карата каралоо кампаниясы башталды. Андай каралоолордун бири "Элчи Тышкы иштер министрлигиндеги былыктарды эмнеге мурдараак айткан эмес?" деген багытта жүрүүдө. Мындан улам экс-элчи Тышкы иштер министрлигиндеги коррупция менен күрөшүүгө кандай аракеттерди кылганы тууралуу кыскача хронологияны жарыялады.

"Урматтуу Кыргыз элим! Менин Тышкы иштер министрлигиндеги коррупция менен кантип күрөшкөнүм тууралуу кыскача хронологияны дагы бир ирет сиздердин назарыңыздарга сунуштайм. Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевдин жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин аттары аталган учурларга жакшыраак көңүл бурушуңуздарды суранам", - деп кайрылды.

Анда мурдагы элчинин хронологиясына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

"1. 2016-жыл, апрель. Мага автоунаа, дипломатиялык номур тууралуу коррупциялык иштер белгилүү болду.

2. 2016-жыл, май, июнь, июль. Бир нече жолу ТИМге кат жаздым. Бирок ТИМден окуяны жаап-жашыруу гана аракеттери болду.

3. 2016-жыл, август. Отставкага кеттим.

4. 2017-жыл, январь. Сапар Исаковдун сунушу менен Убактылуу өкүл болуп Малайзияга кайтып бардым. Максат - коррупциялык дагы башка жагдайлар тууралуу маалыматым бар эле.

5. Мен барганга чейин автоунаа белгисиз бирөөлөргө берилип кетиптир.

6. 2017-жыл, февраль. Дипломатиялык паспорт, дипломатиялык карта, кеңсенин ижарасы тармагындагы коррупция билине баштады.

7. 2017-жыл, март-май, июнь. УКМКдан келип иликтеп кетишти.

8. 2017-жыл, октябрь. Кореяга элчи болуп которулдум.

9. 2018-жыл, февраль. Министр Эрлан Абдылдаевге коррупцияга тиешеси барларга чара көрүүнү өтүнүп кайрылдым.

10. 2018-жыл, февраль же март. УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевге иликтөөлөр боюнча жыйынтыктар чыкпай жатканын кабарладым.

11. 2018-жыл, апрель, май. Президенттик аппаратка ТИМдеги коррупция тууралуу кайрылдым.

12. 2018-жыл, июнь. Президенттик аппарат башчысынын милдетин аткаруучу Досалы Эсеналиевге жолугуп, президентке окуяны жеткирүүнү өтүндүм.

13. 2018-жыл, июль, август. Президенттик аппарат башчы Досалы Эсеналиевден президентке жолугууну, ТИМдеги коррупция тууралуу айтууну дагы бир жолу сурандым.

14. 2018-жыл, сентябрь. Мамлекет башчыга маалымат жеткирүү үчүн ЖМКларга кайрыларымды президенттик аппаратка эскерттим.

15. 2018-жыл, 24-сентябрь. ЖМКларга баарын ачык айттым.

16. 2018-жыл, 26-сентябрь. Министр мени кызматтан алуу сунушун президентке киргизди.

17. 2018-жыл, 27-сентябрь. Президент Коопсуздук кеңешине ТИМди жана мени текшерүү буйругун берди.

18. 2018-жыл, 28-сентябрь. Калыс иликтөө үчүн Эрлан Абдылдаевди, Досалы Эсеналиевди жана мени кызматтан убактылуу четтетүү сунушумду президентке бердим. Бирок аталган адамдар кызматтарынан четтетилген жок.

19. 2018-жыл, 11-октябрь. Президенттик аппарат башчынын кол алдындагы Коопсуздук кеңеши тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевден алган маалыматтарды "Иликтөөнүн жыйынтыгы" деп жарыялап, бир тараптуу өзүнүн бүтүмүн жарыялады".

Коопсуздук кеңешинин бир тараптуу бул бүтүмү иликтөө үчүн делинип Башкы прокуратурага берилгени айтылды. Мындай иликтөөнүн башында турган президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев менен ошол кезде тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди "жеңиши" менен куттуктап, өлкөдө коррупция менен күрөшүү кандай жүрүп жатканына көзүм жетти деген элчи башка өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылганын жарыя кылды. Бул жарыядан саналуу мүнөттөрдөн кийин президент элчини кызматтан бошоткону тууралуу маалымат чыкты.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан