"Бакай Банк" "Мен Кыргыз өлкөсүн инвестициялайм" долбоорунун биринчи жеңүүчүсүнө 451 миң сом берди (видео)

"Бакай Банк" "Мен Кыргыз өлкөсүн инвестициялайм" долбоорунун биринчи жеңүүчүсү Медербек Жалиловго күрөөсүз негизде, жылдык 2 пайыз үстөгү менен 451 миң сом берди. Эске салсак, ушул жылдын март айында "Бакай Банк" ачык акционердик коомунун башчысы Аалы Уманкулов менен "Мен Кыргыз өлкөсүн инвестициялайм" коомдук бирикмесинин төрагасы Алмазбек Сүйүнбеков кызматташуу жөнүндөгү тиешелүү меморандумга кол коюшкан.

Финалист Медербек Жалилов ата мекендик рыноктогу "Даяр дасторкон" уникалдуу азыгынын даярдалуусу тууралуу кенен айтып берди.

"Көп жыл бою чет өлкөдө - Орусия, Түркияда окуп жүрдүм. Кийин бул жакка келгенде туугандарыбыз үйүнө конокко чакырганда эмне сатып алып барышымды билбей баш катырчумун. Ошондо мага бардык адамдарга жарай турган, ар тараптуу белек ойлоп табуу идеясы келди. Биздин рынокту изилдеп чыксам бул багытта "боштук" бар экен. Биздин жергиликтүү элдин менталитетин эске алып, "Даяр дасторкон" азыгына суроо-талап көп болот деп ойлоп жатам. Аны сатып алуу менен керектөөчүлөр убактысын үнөмдөгөндөн тышкары бара турган жерине оригиналдуу белекти көтөрүп барат", - дейт Жалилов.

Ошондой эле жаш ишкер насыяны алгандан кийин өндүрүшүнүн көлөмүн кеңейтүүнү пландап жатканын айтат. Ал белгилегендей, учурда өлкө рыногунан тышка чыгууга да иш-аракеттер жүрүп жатат.

"Кошумча каражатты алгандан кийин биз коңшу өлкөлөргө да продукциябызды чыгарууну көздөп жатабыз. Учурда биздин товарга кызыкдар болуп Казакстандан буюртма бергендер бар", - дейт ал.

Медербек Жалилов долбоордон жеңүү көп убакыт бою, тынымсыз эмгектенүүнүн натыйжасы экенин айтат. Анын айтымында, өлкөдө жаш ишкерлерге мамлекеттин колдоосу жетишпейт.

"Мен жеңишке жетип, мындай жакшы шарттагы насыяга ээ болом деп ойлогон эмесмин. Жылдык 2 пайыз менен насыя берүү өлкөдөгү жалгыз көрүнүш болуп жатат деп ойлойм. Башка банктарга барып үстөк пайызын билсем 18 пайыздан жогору экен. Мындай шартта насыя берүү жаш ишкерлерге дем-күч берип, колдоо болот, өлкөдөгү чакан жана орто бизнестер өнүгөт. "Бакай Банкка" мага түзүп берген мүмкүнчүлүгү үчүн терең ыраазычылык билдирем. Жаңы ишкерлер иштеп, өлкөбүздүн экономикасына өз салымын кошот", - дейт долбоордун биринчи финалисти.

"Бакай Банктын" насыя берүү бөлүмүнүн адиси Нурдин Темирбек уулу компания Кыргыз мамлекетинин каржылык рыногуна жаңылык киргизип жатканын билдирет.

"Бизге келип түшкөн бизнес-идеялардын көбү бири-бирине окшошпойт жана андай бизнес рынокто жок. Биз өзүбүз да долбоордун уникалдуулугуна көңүл бурдук. Учурда дагы ондогон долбоорлорду карап чыгууну пландап жатабыз, бул ишти баштасак, анда жакшылап иштеп чыгып, аягына чыгарабыз", - дейт адис.

Ал белгилегендей, Кыргыз өлкөсүндөгү инвестициялык рынок салым кошууну талап кылат. Мындан улам "Бакай Банк" бул тармакты өнүктүрүп, бул жаатта банктар арасында биринчи болууну пландоодо.

"Мен Кыргыз өлкөсүн инвестициялайм" долбоору тууралуу толук маалыматты www.bakai.kg сайтынан ала аласыздар.

“Бакай Банк” ААКсы Кыргыз өлкөсүнүн жашоочуларына 26 жылдан бери каржылык кызматтардын кенен түрлөрүн көрсөтүп келет. Учурда өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан 70тен ашуун аманат кассалары жана филиалдары ыңгайлуу жана ыкчам кызмат көрсөтүүдө.


кошулду
"Бакай Банк" стартаптарды колдойт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан