Неймар Барселонага кайтышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, ПСЖнын оюнчусу клуб жетекчилигине өзүнүн бул каалоосун айткан. Жетекчилик өз кезегинде Неймар жана аны сатып ала турчу Барселона бир нече шарттарды аткарса, оюнчуну сатууга макул болорун билдирген.
Айрым маалыматтарга ылайык, Барселона футболдук клубу келерки жылы жылдыздуу футболчуну сатып алса, 220 миллион доллар төлөйт, эгерде 2020-жылы сатып ала турган болсо бул баа 20 миллион долларга азаят. Ошондой эле ПСЖ клубу Неймарды Иван Ракитич менен Усман Дембелеге алмаштырып алууга да макул болушу мүмкүн.