Жаңы iPhone, Honor жана Sony смартфондорун накталай да, насыяга да алсаңыз болот

iPhoneO!Store

Apple компаниясынын жаңы өнүмдөрүнө болгон талаптарды эске алуу менен O!Store дүкөндөр тармагы расмий бет ачарынан бир ай өтөрү менен жапжаңы iPhone смартфондорун сатыкка чыгарды. Бүгүнкү күндөн баштап 64ГБ, 256ГБ жана 312ГБ эс-тутуму менен күмүш түстөгү, «боз космос» жана жаңы алтын түстөгү iPhone XS жана XS Max смартфондорун сатып алса болот. Ак жана кара түстөгү былтыркы жылдын флагманы болгон iPhone X смартфону дагы сатыкта. Дүйнө жүзүндөгү эң көп сатылуучу моделдер - 64ГБ жана 256ГБ эс-тутуму менен кочкул кызыл, классикалык кара жана алтын түстөрдөгү iPhone 8 жана 8 Plus смартфондору дагы сатыкта турат. Смартфондордун баасы эс-тутумдун көлөмүнөн көз каранды жана 45 390 сомдон башталат.

SonyXperia

O!Store тармагы бардык табиттерге ылайык жаңылыктарды алып келди! SonyXperia линейкасынын смартфондору өз жашоосун мультимедиа контентисиз жана мобилдик фотосүрөттөрсүз элестете албагандарга арналат. L1, L2, XA1, XA2, XA2 Ultra моделдик катары сатыкта турат. Алардын арасында 10 990 сомго бюджеттик смартфондор дагы жана 22 990 сомго алкаксыз смартфондордун жаңы мууну дагы орун алган. Бул сериянын улуу модели болгон SonyXperia XA2 Ultra чоң экрандарды баалагандарды кызыктырат жана селфи сүйүүчүлөрдүн купулуна толот. Обзордук 120° бурчу бар модуль кеченин бардык меймандарды батырат же сүрөткө тартуучу объекттин айланасындагы мейкиндикти толук камтый алат.

Honor

7 390 сомдон башталган орто бюджеттик баалык сегменттеги жаңы Honor 7A, 7A Pro жана 7C смартфондор сатып алууга жеткиликтүү. Бул топтом баасы боюнча жана техникалык өзгөчөлүктөрүнөн алып караганда абдан кызыктуу, созулган экран, сырт жагындагы кош камера, колдонуучуну жүзүнөн таануу жана манжаларынын изинин сканери аркылуу бөгөттөн чыгаруу мүмкүнчүлүгү сыяктуу маанилүү заманбап “фишкалары” менен да мактана алат.

O!Store дүкөнүндөгү бардык смартфондор насыяга жеткиликтүү, аны жолжоболоштуруу үчүн болгону эки гана документ керек: паспорт жана айлык акы тууралуу маалымкат же жеке ишкер патенти менен иштегендерге акыркы 3 ай үчүн жарактуу патент. Өндүрүүчүнүн ар бир смартфонуна расмий кепилдик берилет.

Кызыккан моделиңиздин жакын жайгашкан дүкөндө бар экендигин 0705 007 000 телефону же ostore.kg сайты аркылуу Сизге сөзсүз айтып беришет. Жаңы смартфондун жөнөтмөсү Бишкек шаары боюнча сизге акысыз жеткирилет, өлкөнүн башка аймактарына жеткирүү – 10 жумушчу күндүн ичинде аткарылат.

O!Store дүкөнүндө дайыма жагымдуу Акциялар жүрүп турат, алардын алкагында 10%га чейинки кэшбэк жана башка жагымдуу арзандатууларга ээ болуу мүмкүн.

Смартфон үчүн O!Store'го гана!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан