Дүйнөлүк Универсиада: Жалпы командалык эсепте Кыргызстан 2 орунга ылдыйлады

6-июлда Казань шаарында башталган Дүйнөлүк Универсиадада Кыргызстан 9-орунга түштү. Анткен менен Кыргызстандын буга чейинки ээ болгон 4 медалына 1 күмүш, 1 коло медаль кошулду. Ал эми Орусия дагы да болсо алдынкы катарда. Орусия курама командасы учурда жалпы 43 медалды (19 алтын, 9 күмүш, 15 коло ) багындырды. Кийинки катарда келе жаткан Германия 2 баскыч ылдыйлап, анын ордуна 6 медаль менен (5 алтын, 1 коло) Түштүк Корея чыкты. Кытайдын спортчулары күчүн топтоп, жалпы 14 медалга (4 алтын, 7 күмүш, 3 коло) ээ болуу менен 5-орундан 3-орунга көтөрүлдү. 15 медаль (4 алтын, 6 күмүш, 5 коло) менен Япония 4-катарда. 2-катарда келе жаткан Германия 6 медаль (3 алтын, 1 күмүш, 2 коло) менен 5-катарга ылдыйлады. Алгач алсыздык кылып жаткан Африка өлкөсүнүн курама командасы жалпы 5 (3 алтын, 1 күмүш, 1 коло) медалга ээ болуп, 6-орунду ээлөөдө. Андан кийинки катарды Литванын спортчулары ээлеп, 4 (3 алтын, 1 күмүш) медалды багындырган. Түркмөнстандын курама командасы да күчүн көрсөтүп, алдынкы тепкичтерге көтөрүлө алды. Түркмөн спортчулары 9 (2 алтын, 2 күмүш, 5 коло) медалга ээ болуп, 8-катарга чыгышты. 9-катарга түшкөн Кыргызстандын спортчулары 6 (2 алтын, 1 күмүш, 3 коло) медалга ээ болушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
saysat
2013-07-09 09:18:57
абдан жакшы. эми да чамдагыла айланайын кыргыздар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан