Индияда майрамда поезд топтолгон кишилерди сүзүп, 60тай адам каза болду

Индияда поезд топтолгон кишилерди сүзүп 60тай адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Айрым маалыматтарга ылайык, жашоочулар индуизм майрамдарынын бири болгон Дуссера майрамын белгилеп жатышканда, фейерверк учкундары чачырабасын деп темир жолго чыгышкан. Башка маалыматтар боюнча, жашоочуларды фейерверктен алысыраак болуш үчүн темир жол тарапка баруусун уюштуруучулар суранган. Бул учурда чогулган эл катуу ылдамдыкта келе жаткан поездди байкабай калышкан.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө болгон күчүн жумшап, жаракат алгандарга жардам көрсөтүү тапшырмасын бергендигин жазган.

Индия полициясы чет элдик басылмаларга билдиргендей, кырсыктан 60тан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жаракат алган. Каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн.

Индияда поезд майрамдап жаткан адамдарды сүздү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан