15-21-октябрь күндөрү Өзбекстандын Наманган шаарында эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөрү өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.
"Эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алуу менен Фергана жана Баткен облустарынын чек арасындагы Шахимардан тилкеси такталды. Ошондой эле Наманган жана Жалал-Абад облустарынын чек арасындагы Кандийон-Булок тилкесинин бөлүгү такталды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Жолугушуу адаттагыдай сый-урматта ынтымактуу жана пайдалуу өттү", - деп айтылат өзбек тараптын маалыматында.