20-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында эркин күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды. Анда мелдештин алгачкы күнү килем үстүнө Кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков чыкты.
Жолдошбеков 61 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалда монголиялык Тувшинтулга Туменбилег менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө Жолдошбеков 6:0 эсебинде утуп жатып, тилекке каршы, жеңишти алдырып жиберди. Монголиялык балбан беттештин аягына 25 секунд калганда эсеп санын 6:8 кылып жеңишти илип кетти.
Муну менен Улукбек Жолдошбеков медаль үчүн күрөштү токтотту.