Тендерлерден үнөмдөлгөн каражатты айыл өкмөттөргө бериш керек. Мындай сунушун бүгүн, 22-октябрда депутат Мирлан Бакиров парламенттик комитеттин жыйынында айтты.
Ал каржы министри Адылбек Касымалиевден жылына тендерлерден канча каражат үнөмдөлөрүн сурады.
Министр жооп бергендей, тендерлерден 160 миллион сомдун тегерегинде каражат үнөмдөлөт.
"Ушул каражаттын жок дегенде 100 миллион сомун айыл өкмөттөргө пайдаланууга бериш керек. Бул каражат аларга чоң жардам болот", - деди Бакиров.
Учурда парламенттин тармактык комитети 2019-жылга карата бюджетти бекитүү маселесин кароодо.