Ысык-Көлдө 4 ай мурун жоголгон малчыны издөө иштери кайра башталды

Ысык-Көлдө 4 ай мурун жоголгон малчыны издөө иштери кайра башталды. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматта белгилүү болгондой, ушул жылдын 2-июлунда Барскоон айылынын 79 жаштагы С.Чунгушов аттуу тургуну үйүнөн чыгып, Кааз-Уя жайлоосуна мал айдап бара жаткан учурда Кара-Суу суусуна агып кеткен.

"Издөө иш-чаралары ӨКМ тарабынан 2018-жылдын 3-июлунан 20-июлга чейин жүргүзүлүп, туугандарынын кайрылууларынын негизинде убактылуу токтотулган. Кайрадан издөө иш-чараларын улантуу максатында 19-октябрь күнү ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 5 куткаруучу жана Каракол шаардык №15-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу чыккан. Жеринде уюлдук байланыш жок болгондугуна байланыштуу, куткаруучулар менен байланыш боло элек", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан