Беш жыл мурунку кичинекей кызга кирдин суусун ичирип, дубал сүздүргөн окуя: "Мирана чарчап калган..."

Мирана жана апасы Бактыгүл Таштанбекова. Окуядан 1 жыл убакыттан кийин.

Кичинекей кызга кирдин суусун ичирип, дубал сүздүргөн... Бул окуя эсиңиздеби?

2013-жылы 23-ноябрда Бишкек шаарында коомчулукту дүрбөлөңгө салып, үрөйдү учурган окуя катталган. Ал окуя баарыбыздын эсибизде. Дал ушул күнү Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине 1 жаш 8 айлык наристе ур-токмокко алынып, эс-учун жоготкон абалда жеткирилген. Окуя тууралуу дарыгерлер милицияга билдирип, кичинекей кызды аёосуз сабаган 1978-жылкы Гүлмира Дубанаева аттуу шаар тургуну кармалган. Кийинчерээк бул аял кайнисинин 1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кызын төшөккө заара кылып койгондугу үчүн сабап, токмоктогонун айтып берген. Тергөөдө берген көрсөтмөсүндө Гүлмира Дубанаева кайнисинин кызын багып, карашып келгенин айткан. Бул учурда Мирананын ата-энеси шаардагы унаа жуучу жайларда машина жууп иштеп жүрүшчү. Гүлмира Дубанаева кайнисинин кызын өз балдарына кошуп карап үйдө отурган.

"Мирана дайым төшөккө заара кылчу. Тамак көп иччү. Ошол күнү мен аны түртүп жиберсем, жерге кулап кетти. Жолдошум менен турмуш-тиричиликтин айынан уруша кетип маанайым жок болчу. Мен ыйлап жаткан кызды алып дубал сүздүрдүм. Сийип койгон шымдарын жууп жатсам жаныма келди эле, кирдин суусун ичирип салдым", - деп көрсөтмө берген Дубанаева. Ошондой эле бул окуянын күбөлөрү да бар. Алар Мирананы жеңеси кыштын күнү кар жаап жатканда дагарага салып, муздак суу куюп эшикке чыгарып койгонун айтышкан.

"Мирана чарчап калган"

“Мирана дал ушундай болуп чоңоюп, көзгө көрүнүп калган”.Бул окуядан кийин Мирананын апасы Бактыгүл Таштанбекова жолдошу экөө наристенин бутунан туруп, жашап кетишине колунан келген аракетин көрүп чуркап жүрүштү. Окуядан туура бир жыл өткөндөн кийин биз Бактыгүл Таштанбековага жолукканбыз. Анда ал экинчи наристесин күтүп жатканын, ооруканадан чыгарып келген кызы Мирана сүйлөй албай, баспай, кыймылдан калып шал болуп калганына күбө болгонбуз. Ал эми Мирананы ушул абалга алып келген жеңеси Гүлмира Дубанаева Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан 17 жылга эркинен ажыратылган. Таштанбекова кызын бир нече операциядан, терапиялардан жана укалоо, дарылоолордон өткөргөн. Ал тургай ага кайрымдуу адамдар каражат чогултушу үчүн банктан эсеп ачылган болчу. Мынча аракеттин баары таш капканын Бактыгүл Таштанбековага байланышканыбызда билдик. Кичинекей Мирана 5 жаш 8 айлыгында 2017-жылдын декабрь айында чарчап калган.

"Кызым кабыргамды кайыштырып бизди таштап кетти. Биз болгон аракетибизди жумшадык. Ошол күнү ооруканага Мирананы алып бара жаткам. Ал жакка жетпей эле жолдон кайтыш болду. Ошентип артка кайта бердим. Мындан кийин башыбызга көп кыйынчылыктар түштү. Мирана каза болгондон 3 айдан кийин кайненем да өтүп кетти. Биз Бишкектен Жалал-Абадга көчүп келе бердик. Өзүм көз жаргам, Миранадан кийинки кызым 4 жашта. Ал эми Мирананын каза болуп калгандыгы тууралуу кара кагазды сотко алып барып берген жокмун. Укканыма караганда, эгер кара кагазды сотко алып барып берсе, Дубанаева өмүр бою эркинен ажыратылат экен. Бирок мен аны Кудайга койдум", - деди Таштанбекова.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
tatynam_88
2018-10-22 20:53:28
Ии жайы жаннаттан болсун.супер инфо дагы бир кичинекей бала сабалып реанимацияда коп жаткан эле го.атын унутуп жатам.ошол бала жонундо да маалымат алгыла сураныч?
+5
Jazdyn_tany
2018-10-22 21:26:23
tatynam_88,Ибрагим дагы оорукчан болуп калган
+4
Jasa
2018-10-22 21:21:24
Байкуш.....
Ибрагимчи
+4
asanaliev.s
2018-10-22 21:27:45
Байкуш бейишинен берсин периштенин. Ибрагим кандай болуп калды екен????
+2
admin_superstan
2018-10-23 16:04:29
asanaliev.s, Jasa, tatynam_88,
Саламатсыздарбы?
https://www.super.kg/kabar/news/232173/
2 жашында кордукка кабылган Ибрагим 5ке чыкты. Бала шал оорусуна чалдыгып, жардамга муктаж болууда
0
wamwieva
2018-10-22 21:50:35
Кудайга чексиз тообо кылдым,бирок ширин кыз омур бою жалган жашоодо кор болгончо,бироону колуна караганча периште болуп учуп кеткенин ж....болуптур!Ушул окуяны укканда ошол келинди кышында Ала белге жыланач таштап салгым келген.Жазасын алсын куноолулор!
+9
Komrad
2018-10-22 22:36:39
Мынча кайдыгер биздеги ата энелер... Азыркы ата энелерге кезинде тарбия берген ата энелер жонундо айтам..жокчулуктун чон салымы бар мындай абалга. Барып барып биздин аксакал бийликтегилерге барып такалат маселе. Бийликтегилер туз жоопкерсинер ар бир кыргыздын тагдырына, коргон кунуно
+3
nuru95kg
2018-10-22 22:48:33
5-6-7 жашка чейн көп сийген кыз же бала акылдуу болот наристе чонойгончо сийгенине жиниңер келбей суйунгулө ден соолугунда карап тургула
+3
nuru95kg
2018-10-22 22:50:39
тиги дуйнодо бактылуу болсун эми Бейиштен орун алып
+1
omka100514
2018-10-23 00:03:57
Байкушум ай :,((( периште болуп учуп кетиптир да. Бизда жолдошум менен чон балабызды айыктырабыз деп колубуздан келишинче аракет кылдык бирок Мирана сыяктуу 2 жашында периште болуп бизди таштап кетти (((
+2
omka100514
2018-10-23 00:06:00
Ата-энесинин куйутун тушунуп турам, сабырдуулук тилейм, кийинки баланарды эч кимге бербей ач калсанар да озунор карагыла, баланы эч ким оз ата-энесиндей мээрим берип карабайт
+2
Nargiza1987k
2018-10-23 02:12:39
Ыйлап токтоно албай жатам почти 2жарым жыл олум менен алышыптырда байкуш кыз жаны каттуу кыйналса керек ушунча жыл аралыгында
+1
melashka
2018-10-23 03:22:57
Жайы жаннат болсун периште
0
Benazir08
2018-10-23 07:15:53
Ой 2жаштагы кыз сиет да анан андан чондор сийип атат го кара башына эле жут авысын деген ушундай болот да. Балада эмне куноо а не куноо жаман алям бп атам кудай карап турат наркы жиндини жон койбойт эми балага зар бп жаткандыр турмодо чирисин тосмо арыз жазып бербениз.
+1
murat17
2018-10-23 20:51:48
байкуш кыз козго жаш келет тиги аял журогу муз мерез экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан