Швецияда жайгашкан Лунд университетинин студенти Понтус Тернквист картошкадан желим алуунун жолун ойлоп тапты. Бул тууралуу студент өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
Жаңы ойлоп табылган материал "Potato Plastic" (картошка желими) деп аталат. Ал сууга кошулган крахмалды кайнатып коюлтуп, андан соң атайын формаларга куюп катыганча кайнаткандан соң келип чыгат. Аталган желимди ар кандай формада кылып катытууга мүмкүн. Эң негизгиси аталган желим 2 айдын ичинде чирип жок болот. Ал эми ал жасалган крахмал айлана-чөйрөгө эч кандай зыян келтирбейт.
Понтус Тернквисттин айтымында, анын бул желимди ойлоп чыгуусуна жерде жана сууда жашаган жаныбарлардын организминен желимдин бөлүкчөлөрү табыла баштагандыгы тууралуу маалымат түрткү болгон.
Ал жаш ойлоп табуучулар арасында өткөрүлгөн сынакта өзү иштеп чыккан желимден жасалган ашкана буюмдарын көрсөткөн. Аталган буюмдар кадимки желим буюмдардан эч кандай айырмасы болгон эмес. Студенттин айтымында, буюмдарга ар кандай түс берүү үчүн табигый боёкторду колдонсо да болот.