Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын ортосундагы суу маселесин дүйнөлүк коомчулуктун талкуусуна коюу керек. Мындай пикирин Швейцариянын Кыргыз жериндеги элчилигинин миссия башчысынын орун басары Даниель Мевли Монтелеон Бишкекте өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк тоо форумунда билдирди. Анын айтымында, эки өлкөсүнүн суу боюнча чечилбей жаткан маселеси карапайым элге кыйынчылык жаратууда.
"Көпчүлүк Кыргыз өлкөсүнүн жаратылышын Швейцариянын жаратылышына окшоштуруп келишет. Албетте, эки өлкөнүн ортосунда окшоштук - тоолор. Тоо, суу - бул биздин кызматташуубуздун ачкычы.
Азыр Орто Азияда жыл сайын мөңгүлөр 1 пайызга азайып, тенденция уланууда. Ошол эле учурда бул маселе менен активдүү күрөшүүнү улантып келишүүдө. Швейцария сыртта карап турбай бир нече жыл мурун баштаган "Жашыл доор" долбоорунун негизинде мөңгүнү сактоо жана тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү маселесин колго алууда", - деди Даниель Мевли Монтелеон.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Талас облусундагы Киров суу сактагычындагы маселени көтөрүп, андагы сууну Казакстан акысыз бербей, сатуу керектигин сунуштаган. Киров суу сактагычындагы суунун 90 пайызга жакынын Казакстан, калганын Талас облусунун Манас району пайдаланып келет.