Экономика министрлиги дыйкандарга картошканы экспорттоого көмөктөшөт

Экономика министрлиги картошка сатууну каалаган дыйкандарга көмөктөшөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

"Экономика министрлиги жана Экономика агенттиги тарабынан Өзбекстан Республикасына картошка экспорттоо үчүн сатып алуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Азыркы учурда кардарлар экспорттолуучу товар тууралуу кененирээк маалымат жиберүүнү сурашты. Буга байланыштуу жашылча жемиштерди сатууну каалаган дыйкандардан сатыла турган картошканын көлөмүн, сортун, баасын, кайсы аймакта өстүрүлгөнүн байланыш телефону жана электрондук дареги менен кошо export.gov.kg@gmail.com дарегине жиберүүнү суранабыз. Чогулган маалыматтарды сатып алуучуларга жиберген соң, алар жообун билдиришет", - деп айтылат маалыматта

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан